Энергетика министри Бишкек электр тармактар ишканасынында кыш мезгилине даярдыктарды текшерди

Энергетика министри Бишкек электр тармактар ишканасынында кыш мезгилине даярдыктарды текшерди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек электр тармактар ишканасынын Батыш, Чыгыш, Түндүк РЭТинин күз -кыш мезгилине даярдыктары менен таанышты. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Энергетика министри РЭТтердин күз -кыш мезгилине даярдыктар менен таанышып, РЭТерде "авариялык запас" менен камсыздоосун текшерди.

Министр Бишкек электр тармактар ишканасынын жетекчилигине алдыдагы кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштерин өз убагында бүтүрүүнү жана  сапаттуу жасоону тапшырды.

"Энергетиктерде 2 эле мезгил болот: кышка даярдык жана күз -кыш мезгилинин өтүсү. Бүгүнкү күндө  баардык тиешелүү шарттар түзүлүп,  оңдоп-түзөө иштерине керектүү жабдуулардын баары бар. Болгону жоопкерчиликтүү иш алып баргыла! Калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу энергетиктердин башкы милдети экендигин унутпагыла. Биз баардык энергокомпанияларды техника, керектүү жабдуу менен камсыз кылганга болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Эмне керек болсо, азыртадан кайрылгыла. Маселени убагында чечели" - деди Ибраев.

Мындан тышкары окуңуз

Баткен – Тамчы аба каттамы ишке киргизилет

Баткен – Тамчы аба каттамы ишке киргизилет

16-июлдан тартып тарыхта биринчи жолу Баткен – Тамчы – Баткен багыты боюнча түз туруктуу авиакаттам ишке киргизилет. Бул каттам Баткен облусу менен Ысык-Көлдүн жээгин эч кандай транзитсиз жана узак жол жүрбөстөн байланыштырат. "Кыргызстан аэропортторунан” билдиргендей, эми баткендиктер болжол менен бир сааттын ичинде Ысык-Көлдүн жээгине жетип, эс ала алышат.

Эсептөө палатасынын тескөөчүсү 900 миң сом пара алып кармалды

Эсептөө палатасынын тескөөчүсү 900 миң сом пара алып кармалды

Коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карата жүргүзүлгөн контрчалгындоо иш-чараларынын жүрүшүндө Эсеп палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн тескөөчүсү Д.М Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө аталган айыл аймагындагы айрым финансылык мыйзам бузууларды

Сын-Таш айылында 64 млн сомдук спорттук комплекс курулду

Сын-Таш айылында 64 млн сомдук спорттук комплекс курулду

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш айылында заманбап спорттук комплекс пайдаланууга берилди. Объект республикалык казынадан каржыланып, анын курулушуна 64 миллион сом жумшалды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, спорттук комплекс эки кабаттуу "А" жана "Б" блоктордон турат. Имараттын жалпы аянты

20 млн сомдук бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

20 млн сомдук бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Ысык-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген  бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.  Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жайгашкан бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү болгон жер тилкеси 1992-жылы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын