«Бишкекасфальтсервис» кызматкерлери 29 млн сомго зыян келтирген

Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери мамлекеттик бюджетке 29 млн сомдон ашык сумма зыян келтирилген. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын башында Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекасфальтсервис» “С” ЖЧКсынын жооптуу кызматкерлери менен келишим түзүп, бардык коммерциялык сунуштардын ичинен битумду жеткирүүгө эң жогорку бааны – 1 тоннасына 47 миң сом деп жарыялашкан. Ал эми бул битумдун базар баасы 2 миң сомду түзөт, ошол эле сорттогу битумдун орточо баасы 1 тоннасы 25 миң сомго жакын.
Келишим түзүлгөндөн бери «С» ЖЧКсы Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекасфальтсервис» МИге 1000 тонна 47 млн сомго битум жеткирген. Ошол эле учурда кылмыш иши козголгондон кийин «С» ЖЧКсы битумдун калган көлөмүн берүүдөн баш тарткан.
Дайындалган соттук-бухгалтердик экспертизанын жыйынтыгында битумду жогорулатылган баада сатып алуудан келтирилген зыян 29 млн 043 миң сомду түзгөн.
Буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2023-жылдын 30-августундагы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-ст. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү жана 210-беренесинин 4-бөлүмү менен Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары, Ш.М.К. жана ишканасынын башкы инженери Ж.А.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камалды.
Учурда тергөө иштери уланууда.