Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Көмүр баасына такай мониторинг жүргүзүлөт – минкабдын удабасы

Чынгыз Керимбеков
Көмүр баасына такай мониторинг жүргүзүлөт – минкабдын удабасы

Экономика жана коммерция министрлигинин жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкулдөрүнүн катышуусунда экономика тармактарын жана калкты көмүр менен камсыздоо маселеси талкууланды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев күз-кыш мезгилинде көмүрдүн жетишсиздигине жана алып сатарлардын айынан баанын өсүшүнө жол бербөө максатында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына көмүр рыногунда, дегеле жалпы социалдык жактан маанилүү товарлардын баасын такай көзөмөлгө алып туруу тапшырмасын берди. Бул багытта, өзгөчө Баткен жана Ош облустарында көзөмөлдү күчөтүү белгиленди.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле, калктын керектөөсүнө жылытуу мезгилинде 1.2 млн тонна кара отун керектелээрин жана көмүр республика боюнча 549 базада сатылаарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, экономика тармактарын жана калкты көмүр менен камсыздоо максатында 2023-жылдын 8-сентябрында министрлер кабинетинин токтому менен КРнын аймагынан автомобиль транспорту менен көмүрдү сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салынган.

Бул багытта Төрөбаев, көмүр казуучу ишканалар биринчи кезекте бюджеттик мекемелердин жана калктын көмүргө болгон муктаждыгын жабышы керектигин билдирди.

«Күзүндө ар кандай шашылыш жана мүмкүн болуучу спекуляцияларга жол бербөө максатында, каалоочулар катуу отунду алдын ала сатып алуусу үчүн бул процесс тездетилип жатат. Эгерде жеке көмүр казуучу компаниялар көмүрдү сыртка чыгарууда, ички керектөөчүлөргө бааларды жогорулатса Министрлер Кабинети экспортту жабат. Биринчиден көмүр казуучу компаниялар бюджеттик мекемелердин жана калктын көмүргө болгон керектөөсүн жабышы керек», – деп сөзүн жыйынтыктады Бакыт Төрөбаев.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости