Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Чынгыз Керимбеков
Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Чүй жана Ош облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпы 6 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен мамлекет башчысы судьялык кызматка 4 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Ал эми 2 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, бул талапкерлер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

Президент тарабынан төрт судьяны дайындоо жөнүндө жарлыктары чыгарылып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Ош облусу:

Өзгөн райондук соту

Култаева Нурила Дукенбаевна;

Кара-Кулжа райондук соту

Карабекова Элмира Чондошовна;

Ош шаардык соту

Кумашев Жолдошбек Ильясович;

– Бишкек шаары

Бишкек шаардык соту

Молоев Дамир Жоомартович.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости