Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Жээнбек Кулубаев Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен жолукту

Чынгыз Керимбеков
Жээнбек Кулубаев Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен жолукту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Душанбеде Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

2023-жылдын 13-сентябрында Душанбеде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Борбор Азия мамлекет башчыларынын боло турган Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна жана саммиттин жыйынтыктоочу документине даярдыктарды талкуулашты. Ошондой эле саясий өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, экономикалык өнүгүүнү тереңдетүү, гуманитардык байланыштарды жана аймактык коопсуздукка чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип жооп берүү максатында кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Кулубаев Консультативдик жолугушуулар жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз диалогду колдоо жана аймактык көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн бекем негиз түзүп, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы өз ара ишенимди олуттуу түрдө бекемдегенин белгиледи. Кыргызстан региондук интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүүгө умтулат, бул региондун өлкөлөрүнө болгон көйгөйлөрдү чечүүдө конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө жана элдерибиздин бакубаттуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости