Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Садыр Жапаров Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси менен жолугушту

Чынгыз Керимбеков
Садыр Жапаров Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Иран ислам республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раиси менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Ирандын Президенти Сейед Эбрахим Раиси эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн эки өлкөнүн жакшы мүмкүнчүлүктөрү жана жогорку потенциалы бар экендигин белгиледи.

Товар жүгүртүүнүн учурдагы көлөмү жөнүндө айтып жатып, Сейед Эбрахим Раиси анын деңгээлинин төмөндүгүн белгилеп, буга байланыштуу аны көбөйтүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоону сунуштады. Бул контекстте ал эки тараптуу биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мамлекет башчысы Иран Президентинин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу демилгесин колдоп, инвестициялык өз ара аракеттенүүгө да өзгөчө маани берди.

Бул контекстте Садыр Жапаров логистика маселесин чечүү зарылдыгын белгилеп, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул долбоор соода-экономикалык жактан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Мындан тышкары Президент кыргыз-иран өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын ишмердүүлүгүнүн маанилүү ролун белгилеп, Комиссиянын кезектеги жыйынын ушул жылдын аягына чейин Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости