Бишкекте шаардык сотунун судьясы кармалды

Бишкекте шаардык сотунун судьясы кармалды

Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы И.Н.А. опузалап акча талап кылып алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Бишкек шаардык сотунун айрым судьялары каралып жаткан кылмыш ишинин алкагында эркинен ажыратуу менен байланышпаган оң чечим чыгарып берүү үчүн жактоочунун ортомчусу аркылуу соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап 5 миң АКШ долларын (443 500 сом) өндүрүп алышкан. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, соттор тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманын иш жүзүндөгү фактысы, алардын кылмыштуу иштерине “ишенимдүү” адвокаттар тартылганы аныкталды.

Ошол эле учурда, судьяга акча каражаттарын берүүнүн алдында жактоочунун жанында мурда даярдалган (адалдоого алынган) каражаттар болушу керек болчу, алар соттук коллегияга кирген экинчи инстанциянын судьяларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Белгилей кетсек, акча каражатын алмаштыруунун бул схемасы системалуу мүнөзгө ээ болуп, судьялар менен алдын ала макулдашылып адвокат тарабынан анын кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында ишке ашырылып жүргөн.

Бул кылмыштуу амалдын катышуучуларынын планы боюнча, эгерде алар укук коргоо органдары тарабынан кармалса, адвокат туруктуу жана ишенимдүү ортомчу катары, акча каражатын көрсөткөн юридикалык кызматы үчүн акы катары алганын айтмак, ал тууралуу алдын ала ойдон чыгарылган келишим түзүлүп даярдалган.

Ошону менен бирге, зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин бардык колдо болгон маалыматтарды, анын ичинде судьянын түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылган акча каражаттарын алуу жана адалдоо боюнча “белгиленген коррупциялык схеманын иштешин”, судьялар жеке коопсуздугуна ынангандан кийин акча каражатын алганын тастыктаган көрсөтмөлөр алынды.

2023-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаардык сотунун судьясы “И.Н.А.” Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2023-жылдын 26-ноябрына чейин КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Азыркы учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар Бишкек шаардык сотунун башка судьяларынын жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш иштеринин далил базасын бекемдөө боюнча тиешелүү активдүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Экономика

«Кыргызиндустриянын» жетекчилиги Ош облусундагы  ишканалардын иши менен таанышты

«Кыргызиндустриянын» жетекчилиги Ош облусундагы ишканалардын иши менен таанышты

«Кыргызиндустрия» ААКнун президенти Жарасул Абдураимов иш сапарынын алкагында  «Жемишкампа» ААКнун, «Кыргызтообалык» жаңы балык чарбасынын ишмердүүлүгү жана минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу

Дагы Экономика

Бизнес

2023-жылы салык кызматы дээрлик 140 миң бөтөлкө алкоголдук продукцияны тартып алды

2023-жылы салык кызматы дээрлик 140 миң бөтөлкө алкоголдук продукцияны тартып алды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2023-жылы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн 138 652 бөтөлкө алкоголь тартып алды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Дагы Бизнес

Бийлик

Садыр Жапаров БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Садыр Жапаров БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Президент Садыр Жапаров Дубайда БАЭ энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы

Дагы Бийлик

Коом

Профсоюздар федерациясы Эмгек кодексинин жаңы долбоорун талкуулады

Профсоюздар федерациясы Эмгек кодексинин жаңы долбоорун талкуулады

Профсоюздар федерациясы Эмгек кодексинин жаңы долбоорун талкуулады. Бул тууралуу минкаб билдирди. Минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айтымында, профсоюздар өздөрүнүн

Баткенде көмүр жетиштүү таңкыстык жок

Баткенде көмүр жетиштүү таңкыстык жок

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 19-февралында Баткендеги көмүр сатуучу түйүндөрүндө көмүрдүн кымбатташына жол бербөө максатында мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеме

Бишкекте контрабандалык жана контрафакттык продукцияны сатуу каналына бөгөт коюлду

Бишкекте контрабандалык жана контрафакттык продукцияны сатуу каналына бөгөт коюлду

Бишкекте контрабандалык продукцияларды жана жасалма жуучу каражаттарды сатуунун туруктуу каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди. Ошондой эле,

Дагы Коом

Гранттар жана кредиттер

Швейцариялык Bartholet Swiss Бишкекте аркан жол системасын куруп берүүгө жардам берет

Швейцариялык Bartholet Swiss Бишкекте аркан жол системасын куруп берүүгө жардам берет

Швейцариянын Флумус шаарында 2024-жылдын 30-январында Bartholet Swiss компаниясынын штаб-квартирасында Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев менен ишкананы ээси жана президенти Роланд Бартолеттин

Корея Оштун өрткө каршы-куткаруу бөлүгүн курулушун каржылап берди

Корея Оштун өрткө каршы-куткаруу бөлүгүн курулушун каржылап берди

Ош шаардык башкармалыгына караштуу №85 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы салынган имараты ачылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Ачылган имарат жаңы авариялык-куткаруу

Дагы Гранттар жана кредиттер

Энергетика

Дагы Энергетика

Транспорт

Таласта кызматкерлер жол куруу учурунда мамлекетке 7 млн сом зыян келтиришкен

Таласта кызматкерлер жол куруу учурунда мамлекетке 7 млн сом зыян келтиришкен

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Келтирилген

Күйүүчү-майлоочу майлардын запасы жетиштүү — Экономика министрлиги

Күйүүчү-майлоочу майлардын запасы жетиштүү — Экономика министрлиги

Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майлар рыногунда баалардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2024-жылдын 8-январына

Дагы Транспорт

Бизнес маек

Биржанын туура тандалган бизнес-модели колдонуучулардын каражаттарын сактап калат –эксперт криптотармагы тууралуу айтып берет

Биржанын туура тандалган бизнес-модели колдонуучулардын каражаттарын сактап калат –эксперт криптотармагы тууралуу айтып берет

Дээрлик бир жыл мурун крипто индустриясы катуу кризисти башынан өткөргөн. FTX крипто биржасы кыйрагандан кийин криптовалюталардын курсу жана колдонуучулардын ишеним

Кыргызстанда бут кийим чыгаруу тармагы өнүксө дейм — "Таазим" брендинин негиздөөчүсү Нурсултан Муратов

Кыргызстанда бут кийим чыгаруу тармагы өнүксө дейм — "Таазим" брендинин негиздөөчүсү Нурсултан Муратов

ИШКЕР MEDIA аймактардагы чакан бизнести ар дайым колдоп, алардын ийгилиги менен көйгөйлөрүн чагылдырууну улантат. Бул жолу колго бут кийим тигүү

Кыргыздын кол өнөрчүлүгү аябай бай — шырдактарды жалаң чет өлкөгө саткан ишкер Мансур Абылаев

Кыргыздын кол өнөрчүлүгү аябай бай — шырдактарды жалаң чет өлкөгө саткан ишкер Мансур Абылаев

Kyrgyz Handmade деп чыккан көз жоосун алган шырдактарды, улуттук буюмдарды алгач сайтынан көрүп суктанып жүрдүк. Анткени сапаты, кооздугу, оймолору чынында

Мамлекет оюндун эрежелерин эле так белгилеп койсо таланттуу ишкерлер көбөйөт — ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу

Мамлекет оюндун эрежелерин эле так белгилеп койсо таланттуу ишкерлер көбөйөт — ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу

2006-жылы прогрессивдүү ишкерлердин демилгеси менен түзүлүп, бардык облустарда кеңселерин ачып, учурда Кыргызстанда орто жана чакан бизнестин миңдеген өкүлүнүн башын бириктирип,

Дагы Бизнес маек

Кызыктуулар

Кыргызстанга Казакстандан жараксыз документтер менен 22 тонна беде үрөнүн алып келүүгө аракет кылышкан

Кыргызстанга Казакстандан жараксыз документтер менен 22 тонна беде үрөнүн алып келүүгө аракет кылышкан

Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдовар" көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жерде Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Казакстандан Кыргызстанга беде үрөнүн ташып келүүдө

Дагы Кызыктуулар

Абдан жакшы! Сиз ийгиликтүү катталдыңыз.

Кайра кош келиңиз! Сиз ийгиликтүү кирдиңиз.

Сиз ИШКЕР MEDIA - Кыргыз тилиндеги биринчи улуттук бизнес сайты сайтына ийгиликтүү жазылдыңыз.

Ийгилик! Кирүү үчүн сыйкырдуу шилтеме үчүн электрондук почтаңызды текшериңиз.

Ийгилик! Төлөм маалыматыңыз жаңыртылды.

Эсебиңиз жаңыртылган жок.