Коррупцияга шектелген “Түндүк электрдин” мурдагы жетекчилери кармалды

Коррупцияга шектелген “Түндүк электрдин” мурдагы жетекчилери кармалды

Талас электр тармактар ишканасында бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында Талас электр тармактар ишканасынын айрым кызматкерлери электр энергиясынын жетишсиздигине карабастан, жеке коммерциялык абоненттер менен алдын ала сүйлөшүп, узак убакыт бою алардын электр энергияга болгон карыздарын мамлекеттик органдарга кошумча ойдон чыгарылган кВт саат төлөмдөрдү кошуу менен жаап келишкени аныкталды.  

Тактап айтканда, айрым бюджеттик уюмдар электр энергиясын керектөө үчүн мамлекеттик бюджеттен банктык которуулар аркылуу төлөшкөн. Бирок Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери төлөнгөн каражаттарды финансылык жана бухгалтердик алдамчылык жолу менен коммерциялык уюмдардын (ири соода жана өнөр жай ишканаларынын) эсебине салып турушкан. Ошол эле учурда коммерциялык уюмдардын өздөрүнүн касса аркылуу төлөнүүчү каражаты накталай чыгарылып, өздөштүрүлүп турган.

КР Энергетика министрлигинин Кыргызстандын улуттук электр тармагына караштуу Чуй электр тармактар ишканасынын адистери жана “Аудит-Консалтант” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мамлекетке аталган ишкана 4.7 млн сомго зыян келтирген.

Бул факты боюнча “Түндүк электр” ААКнын мурдагы башкы директору О.Н.К. жана буга чейин “Түндүк электр” ААК Талас филиалынын Шаардык тармагынын жетекчиси кызматын аркалап келген О.А.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Read more

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилери жана инженердик кызматкерлери үчүн окуу курстары иштелип чыгат. Бул тууралуу КРСУ менен «Альянс Алтын» ЖЧКсынын ортосундагы 2024–2026-жылдарга кызматташуунун жол картасын түзүү учурунда белгилүү болду. Ишкананын маалымат кызматы белгилегендей, Жол картасы билим берүү, илим жана кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жаатында кызматташуунун негизги багыттарын аныктайт. Анын максаты

«Альянс Алтын» Талас шаарынын муниципалдык мекемелери менен тегерек стол өткөрдү

«Альянс Алтын» Талас шаарынын муниципалдык мекемелери менен тегерек стол өткөрдү

2025-жылдын 29-январында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык мекемелеринин жетекчилери катышкан тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Бул иш-чарага компаниянын Коомчулук менен байланыш кызматынын өкүлдөрү да катышып, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду тарабынан облустун борборундагы социалдык инфраструктураны жакшыртуу үчүн көрсөтүлүп жаткан жардамдар жөнүндө маалымат

Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаттары Жерүйдүн иши менен таанышышты

Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаттары Жерүйдүн иши менен таанышышты

Шумкар- Уя айылдык кеңешинин депутаттары Жерүй алтын кенине иш сапары менен барышты. Депутаттар ишканадагы өндүрүштүк процесстер менен таанышып, жеринде баа беришти. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Иш сапардын алкагында эл өкүлдөрү алтын сактоочу фабриканын жана калдык сактоочу жайдын ишин жакындан көрүп, «Альянс Алтын» компаниясынын кызматкерлеринен маалымат алышты.

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Таластын чек арачыларына жардам берди

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Таластын чек арачыларына жардам берди

Талас облусундагы «Чоң-Капка-автожол» көзөмөл өткөрмө пунктунда реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди. Такталгандай, 2017-жылы фонддун каржылык колдоосу менен кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Чоң-Капка-автожол» көзөмөл өткөрмө пунктунда реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн. Алсак заманбап үлгүдөгү стелла тургузулуп, чек-аранын кире беришиндеги структуралык арканын эки бетине кечкисин жануучу