Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Лейлек районунун Максат айылында жер мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Такталгандай, текшерүү УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын катынын негизиндеги жүргөн.
Максат айылынын үстүнкү тарабындагы айдалган 77.8 га жайыт жеринин күрдүү катмарын бузууда келтирилген зыяндын суммасы 36 млн 410 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Белгилей кетсек, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы 9 ай аралыгында укук коргоо жана башка органдар менен биргеликте 99 текшерүү иштерине катышкан.
Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media