Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келбейт

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясы тастыктады. Армян тараптын демилгеси менен президент Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде ушул жылдын 13-октябрында Бишкекте өтө турган КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны талкууланды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Пашинян бир

Чынгыз Керимбеков
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келбейт

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясы тастыктады.

Армян тараптын демилгеси менен президент Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде ушул жылдын 13-октябрында Бишкекте өтө турган КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны талкууланды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Пашинян бир катар жагдайлардан улам жыйынга катыша албай турганын өкүнүч менен билдирди.

Чынгыз Керимбеков

По теме