Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти  менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын алкагында Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн, энергетикалык тармактагы кызматташуунун кеңири спектри, ошондой эле алдыдагы КМШ МБК жыйынынын күн тартиби талкууланды.

Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовго КМШ МБКнын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга иш сапар менен келүү чакыруусун кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы Түркмөнстанды маанилүү экономикалык өнөктөш катары кароо менен Кыргызстан соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана сапаттуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Ал белгилегендей, акыркы эки жылда товар жүгүртүү өсүп, 82 млн долларын түздү. Ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштар активдешти. Натыйжада соода-экономикалык өз ара аракеттенүү динамикалуу өнүгүүдө. Бирок, учурдагы көрсөткүчтөр дагы эле жалпы экономикалык потенциалга дал келбейт.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын Түркмөнстан менен кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана арттырууга, бул потенциалды ачуу үчүн соода, инвестиция жана логистика жаатында келечектүү жаңы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи. Бул контекстте соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын ролу белгиленди.

 

Мындан тышкары окуңуз

Ш.Мирзиеев суу энергетикалык маселе талаштын башаты эмес экенин айтты

Ш.Мирзиеев суу энергетикалык маселе талаштын башаты эмес экенин айтты

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев Борбор Азияда сууэнергетикалык маселе чыр-чатактардын башаты болбой калганын билдирди. Ал Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча макулдашуу Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн ортосундагы туугандык өз ара мамилелердин символу болуп калганын билдирди.  Буга улай ал Тажикстан, Түркмөнстан суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча кызматташуунун позитивдүү учурларын эске салды.   Өзбек лидери суу

Талас облусуна келерки жылы 8 млрд сом бөлүнөт

Талас облусуна келерки жылы 8 млрд сом бөлүнөт

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев президент Садыр Жапаровго үстүбүздөгү жылы асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдор курулганын билдирди. Ошондой эле жакынкы жылдары төө буурчакты кайра иштетүүчү завод куруу пландаштырылганын айтты.   Облустун инфраструктурасын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан 1 млрд сом бөлүнгөн. Президент айткандай, анын 400 млн

Банктык депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин инвестициялык портфели кыйла өстү

Банктык депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин инвестициялык портфели кыйла өстү

Банктык депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин инвестициялык портфели жыл башынан 2025-жылдын 1-ноябрына чейин 1 млрд 726,7 млн сомго өсүп, 8 млрд 544 млн сомду түзгөнүн ведоствонун маалымат кызматы билдирди.  Агенттик “Банктык депозиттерди коргоо жөнүндө” мыйзамы боюнча бош акча каражаттарын МинКаб жана Улуттук банк чыгарган баалуу кагаздарга инвестициялайт.  1-ноябрга карата УБнын

ИИМ шайлоочуларга мыйзамдуулукту сактоону эскертти

ИИМ шайлоочуларга мыйзамдуулукту сактоону эскертти

Ички иштер министрлиги 30-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда жарандарды мыйзамдуулукту сактоого чакырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. ИИМ эскертет: шайлоочуларды сатып алуу, алардын эркин тандоосуна таасир этүү жана башка укукка каршы аракеттер кылмыш жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн. Укук бузуулар тууралуу фактылар боюнча ички иштер органдарына