Президент Садыр Жапаров Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукту

Президент Садыр Жапаров Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукту

Президент Садыр Жапаров, 22-ноябрда, Минск шаарында Беларусь президент Александр Лукашенко менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин алдыдагы сессиясынын күн тартибин талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы өз ара аракеттенүүнү эки өлкө элдеринин кызыкчылыгында бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук статистика комитети статистикалык маалыматтарды башкаруунун жаңы тутумун киргизет

Улуттук статистика комитети статистикалык маалыматтарды башкаруунун жаңы тутумун киргизет

КРнын Улуттук статистика комитети расмий статистиканын санариптик инфраструктурасын өркүндөтүү максатында структуралык мета-маалыматтар (метадайындар) тутумун киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. 6–10-июль күндөрү комитетте эл аралык эксперт Андреа Брунинин миссиясы болуп өттү. Миссиянын алкагында, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов эксперт менен жолугушуп, расмий статистиканы санариптештирүү, структуралык мета-маалыматтарды башкаруунун

Чат-Базар – Арал – Талды-Булак жолуна асфальт төшөлдү

Чат-Базар – Арал – Талды-Булак жолуна асфальт төшөлдү

Талас облусунун Талас районундагы Чат-Базар – Арал – Талды-Булак унаа жолунда 2026-жылга карата титулдук тизменин негизинде 5 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда жол куруучулар тарабынан бул тилкеге асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.  Мындан тышкары, Талас районундагы Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш

Улуттук банк: беш айда банк сектору 10,6 млрд сом таза киреше тапты

Улуттук банк: беш айда банк сектору 10,6 млрд сом таза киреше тапты

2026-жылдын 31-майына карата абал боюнча Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 307 филиалы иштеп турган. Алардын алтоосу ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кызмат көрсөтүшөт. Улуттук банктын банк секторунун өнүгүү тенденциялары тууралуу расмий маалыматына ылайык, жыл башынан бери 5 айда банк секторунун суммардык активдери 10 623,7

Кыргызстан менен Азербайжан парламенттер аралык кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен Азербайжан парламенттер аралык кызматташууну кеңейтет

14-июлда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтыкты, анын ичинде парламенттер аралык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды.