“Дордойдо” беш салыкчы кармалды – алар коррупциялык схемасын уюштурган

“Дордойдо” беш салыкчы кармалды – алар коррупциялык схемасын уюштурган

Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары тарабынан уюштурулган салык төлөөдөн качуунун коррупциялык схемасы аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө салык реформасын ишке ашырууга терс таасирин тийгизген, Мамлекеттик салык кызматынын “Дордой” соода-базар комплексинин аймагындагы салыктарды тескөө үчүн жооптуу айрым кызмат адамдары тарабынан жеке баюу максатында, ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүү менен коррупциялык схеманы уюштурушканы аныкталды.

Бул коррупциялык схема 5-6 жыл туруктуу туруп, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ар бир мыйзамсыз аракеттери үчүн акчалай сыйлык алып турган.

Маалымат катары: “Дордой” соода-базар комплексинин бир базарынын аймагында 600дөн ашык соода жайлары бар, ал эми салык 400 гана ишкерден түшүп турган.

Жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын 5 кызматкерин жоопкерчиликке тартууга жетиштүү далилдер алынган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмышты жасаган деген шек менен сотко чеийинки өндүрүштүн алкагында Салык кызматынын М.А.Ч., Ж.А.М., Т.Н.Г., К.А.К. аттуу кызмат адамдары жана Салык кызматынын азыркы жетекчилеринин бири А.А.Б. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7