Subscribe to Our Newsletter

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Төраганын орун басары Джамиля Исаева Европа парламентинин депутаттары менен жолугушту

Бүгүн, 19-декабрда, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева “Кыргыз Республикасы – Европа Биримдиги” парламенттик кызматташтык комитетинин теңтөрагасы Томас Здеховски баштаган Европа парламентинин делегациясы менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттер аралык байланышты бекемдөө маселелери талкууланды. Төраганын орун басары Джамиля Исаева мындай жолугушуулар эки тараптуу алакаларды арттырууга

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков
Төраганын орун басары Джамиля Исаева Европа парламентинин депутаттары менен жолугушту

Бүгүн, 19-декабрда, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева “Кыргыз Республикасы – Европа Биримдиги” парламенттик кызматташтык комитетинин теңтөрагасы Томас Здеховски баштаган Европа парламентинин делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттер аралык байланышты бекемдөө маселелери талкууланды.

Төраганын орун басары Джамиля Исаева мындай жолугушуулар эки тараптуу алакаларды арттырууга өбөлгө түзөрүн белгилеп:

“Европа Биримдиги Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келе жаткан ишенимдүү өнөктөшүбүз. Биз Европа Биримдигинин демократиялык реформаларды жүргүзүү аракетибиздеги колдоосун өзгөчө жогору баалайбыз. Биз демократиялык процесстерди чыңдоодо, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөдө жана адам укуктарын коргоодо олуттуу ийгиликтерге жетишкенибиз менен сыймыктанабыз», - деген Джамиля Исаева эки тараптуу кызматташтык бардык деңгээлде жигердүү өнүгүп жатканын кошумчалады.

Муну менен катар төраганын орун басары Джамиля Исаева “Кыргыз Республикасы – Европа Биримдиги” парламенттик кызматташтык комитетинин бүгүнкү жыйынынын маанилүүлүгүнө токтолуп, анын жүрүшүндө эки тараптуу байланыштын көптөгөн аспектилери боюнча пикир алмашуу болгонун белгиледи.

Өз кезегинде “Кыргыз Республикасы – Европа Биримдиги” парламенттик кызматташтык комитетинин теңтөрагасы Томас Здеховски иш сапарынын негизги максаты тууралуу сөз кылып, Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыкты кеңейтүүгө, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды чыңдоого өзгөчө басым жасады.

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Read More