Депутаттар ФОМСтун бюджетин экинчи жана үчүнчү окууда колдоп беришти

Депутаттар ФОМСтун бюджетин экинчи жана үчүнчү окууда колдоп беришти

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2024-2025- жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзамы каралды.

Депутаттардын суроолоруна саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жооп берди.

Мыйзам долбоорлорун талкуулоо учурунда депутат Сүйүнбек Өмүрзаков милдеттүү медициналык камсыздандыруу (МКК) жаатындагы маселелерге көңүл буруп, калк арасында МКК полистерин алуу зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө чакырды.

Ал эми депутат Нилуфар Алимжанова ооруканаларда пенсионерлер дары-дармекти эле эмес, медициналык буюмдарды да сатып алууга аргасыз болуп жатканына көңүл бурду. Муну менен катар ал “Жаш дарыгердин депозити” программасын кайра улантууну сунуштады. Буга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов стационарларда баары бекер болушу керектигин айтты.

Депутат Алишер Эрбаев чет элдик жарандарга медициналык камсыздандыруу системасын киргизүү маселесин кароону сунуштаса, эл өкүлү Талайбек Масабиров медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу максатында медициналык кагаздарды санариптештирүү боюнча иштерди тездетүү керектигин белгиледи.

Өз кезегинде Гүлшаркан Култаева медициналык кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү абалына жана жан башына каржылоо көлөмүнө кылдат талдоо жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, көптөгөн жарандар медициналык мекемелерге кайрылбай жатканын айтты. “Акча бөлүнүп жатат, бирок төлөө принциптерин дагы өзгөртүшүңөр керек”, - деди.

Эл өкүлү Русланбек Жакышов ооруканалардагы кенже жана техникалык тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлиги тигүү тармагын өнүктүрүүнү талкуулады

Экономика министрлиги тигүү тармагын өнүктүрүүнү талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде кыргыз тигүү продукциясынын Россия Федерациясынын рыногу аркылуу жеткиликтүүлүгүн жана тармакты колдоо чараларын талкуулаган ведомстволор аралык жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда Россиянын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан көзөмөлдүн күчөтүлүшү натыйжасында келип чыккан актуалдуу маселелер каралды. Ошондой эле, ички рынокту жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү

Индия Кыргызстандагы долбоорлорду колдоо үчүн 126,6 млн сом грант бөлөт

Индия Кыргызстандагы долбоорлорду колдоо үчүн 126,6 млн сом грант бөлөт

Бүгүн, Экономика жана коммерция министрлигинде эки тараптуу меморандумга кол коюу аземи болду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Биринчиси – Индиянын Тышкы иштер министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги ортосунда түзүлгөн "Бишкек шаарында Кыргыз экономикалык университети (КЭУ) үчүн IT Lab түзүү" долбоору.

Кант кызылчасы Кыргызстанда 85,9% жыйналды

Кант кызылчасы Кыргызстанда 85,9% жыйналды

Кыргызстанда учурда кант кызылчасы 85,9 пайыз жыйналып, 431,7 миң тонна продукция алынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирген.  Анын айтымында, республика боюнча быйыл кант кызылчасы 13 миң 400 гектар жерге

Таласта граниттен курулуш таштары чыгарыла баштады

Таласта граниттен курулуш таштары чыгарыла баштады

Таластын Манас районундагы Арал айылынын Кайыңды карьеринен алынган таштар жергиликтүү ишкер Азат Кушубековдун ишканасында кайра иштетилип, курулуш материалдары чыгарылып жатканын УТРК тартып көрсөттү.  Ишкердин айтымында таштар алгач чоң-чоң көлөмдө ташылып келип, 2-3 сантиметр калыңдыкта тилинет. Андан соң ал күйгүзүлүп, жылмаланып 90Х80 жана 60Х30 өлчөмүндө кесилет.  Ишканасы ээсинин айтымында, кайра иштетилген