Садыр Жапаров Санкт-Петербургда ЖЕЭКтин кезектеги жыйынына катышат

Садыр Жапаров Санкт-Петербургда ЖЕЭКтин кезектеги жыйынына катышат

Президент Садыр Жапаров 25-26-декабрда Санкт-Петербургда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна жана КМШне кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат.  Бул тууралуу президенттин администрация билдирди.

Президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, ЖЭЕК кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары тарабынан биримдиктин мындан аркы ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон чечимдер каралат. Атап айтканда, комиссиянын коллегиясынын жана ЕАЭБ сотунун мүчөлөрү, Биримдиктин эл аралык ишмердүүлүгүнүн 2024-жылга негизги багыттары, ЕАЭБ макроэкономикалык саясатынын 2024-2025-жылдарга багыттары бекитилет.

«2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттери жана негизги багыттары каралат. Мындан тышкары, отурумдун алкагында Иран Ислам Республикасы менен ЕАЭБтин эркин соода аймагы жөнүндө Макулдашууга кол коюу күтүлүүдө. 
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусунда 2023-жылы өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктары чыгарылат, келечекке карата негизги милдеттер аныкталат, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот.

Эскерте кетсек, Кыргызстан көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине 2023 - жылы төрагалык кылган", - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Мындан тышкары окуңуз

Фучиктеги авариялык үйлөр: тургундарга эки вариант сунушталды

Фучиктеги авариялык үйлөр: тургундарга эки вариант сунушталды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Фучик көчөсүндөгү авариялык абалдагы №18, 20 жана 22-үйлөрдүн тургундары менен кайрадан жолукту. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жолугушууда шаар башчысы турак жай маселеси боюнча акыркы чечимди тургундар өз ара макулдашып кабыл алышы керектигин белгиледи. "Сиздер алгач өз ара кеңешип, батирлерди МИК аркылуу алууну каалайсыздарбы же үйлөрдү

"Манас" аэропортунун жанында заманбап мечит курулат

"Манас" аэропортунун жанында заманбап мечит курулат

"Манас" эл аралык аэропортунун аймагында 200-300 адамды батыра алган заманбап мечит куруу пландалууда. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, бул маселе муфтий Абдулазиз Закиров менен "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун жолугушуусунда айтылды. Анда мечиттин курулуш долбоору, курулуш графиги, имараттын архитектуралык өзгөчөлүктөрү жана шарттары кеңири талкууланды.

Ошто баалар көзөмөлдө: күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө

Ошто баалар көзөмөлдө: күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү базарларда жана соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) баасына күн сайын мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Бул иштер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбековдун тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Мониторингдин

Бишкекте "экинчи Ботаникалык бак" түзүлөт

Бишкекте "экинчи Ботаникалык бак" түзүлөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын питомнигине барып, отургузууга даярдалган көчөттөр менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда питомниктин аймагына болжол менен 50 миң даана көчөт алынып келинген. Анын ичинен бүгүнкү күнгө чейин 30 миң даана дарак көчөтү отургузулду. Шаар башчысы иштердин ылдамдыгын күчөтүүнү тапшырды. Айрыкча