Данияр Үсөнөвдүн уулу маркум Көлбаевге тиешеси бар деп шектелүүдө

Данияр Үсөнөвдүн уулу маркум Көлбаевге тиешеси бар деп шектелүүдө

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында М.У.Д. аттуу жаран тарабынан кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу жана уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Такталгандай, М.У.Д. криминалдык авторитет К.Асанбектин кылмыштуу иш-аракеттерин билип туруп, ал жетектеген криминалдык чөйрөнүн ишкердик жүргүзүүчү субъектилерден рэкет, опузалап алуу, акча чогултуу түрүндөгү мыйзамсыз аракеттерин билип, 2018-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен активдүү иш жүргүзүп келген. Атап айтканда, М.У.Д. К.Асанбек менен бирге Ысык-Көл облусундагы “Каганат” пансионатынын “Flamingo Bay” ресторанына жана Чолпон-Ата шаарынын аймагында жайгашкан “White” түнкү клубуна ээлик кылган, ошондой эле К.Асанбекке тиешелүү “Ордо” соода жана оюн-зоок комплексинин 3-кабатында элиталык түнкү клубду ачууну пландап, буга чейин акча каражат жумшаган.

Мындан тышкары, М.У.Д. Бишкектеги “Асман”, Social Coffe, Urban, Sushi Room, Red cow, Cakes/bubbles, My shisha, Aroma, “Тесто Место” сыяктуу 11ден ашык элиталык мекемелерди тейлеген ресторан бизнесинин башкаруучу компаниясына ээ, кирешенин бир бөлүгү уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого жумшалган.    

Ошол эле учурда, М.У.Д. Дубайдын “Палм Джумейра” (БАЭ) элиталык аймагында жайгашкан “SAYA Brasserie”  ресторандар тармагынын  5 ресторанын – “MURA”, “Eva Beach Restaurant”, “Patriki”, “Daily Huqqa”  жана ошондой эле Алматы шаарындагы (РК) “Social Group Almaty” ресторандар тармагынын  5 ресторанын – “Eva Terrace”, “Urban”, “Local”, “Daily coffee” жана “Mongol bar” тейлеген “Aiza Hospitality” компаниясына ээ.

Түшкөн кирешенин реалдуу көлөмүн жашыруу максатында М.У.Д. жана анын жакын туугандары мүлктөрүн аффилиацияланган жактарга каттатышкан, Чүй облусунун аймагында эле 180ден ашык жер тилкеси жана К.Асанбекке таандык “Каганат” эс алуу борборундагы коттеджи аныкталды.

2024-жылдын 17-январында М.У.Д. карата  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинде (кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топко катышуу) каралган кылмыш жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылып, издөөгө алынды.

Эске салсак, “Майрам Групп” ЖЧКсынын жетекчиси өлкөдөн качып кеткен экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу Үсөнов Мурат Даниярович саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайдан алынып келинген 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды

Кытайдан алынып келинген 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды

Кытайдан ташылып келе жаткан 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Нарын облустук башкармалыгы тарабынан 10-июнда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт автожолу” постунда карантиндик фитосанитардык текшерүү иш-чаралар мезгилинде, Кытайга таандык 24,

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү шакекче темир жолунун курулуш долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылы долбоорду ишке ашыруу механизмдерин аныктоо пландалууда. «Темир жолдун курулушун этап-этабы менен жүргүзүү болжолдонууда. Биринчи этапта Балыкчы – Чолпон-Ата тилкеси салынат, андан соң Чолпон-Ата – Каракол

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Бүгүн Улуттук банк тарабынан алдамчылыкка каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык туруктуу жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыйынга Улуттук банктын, финансы-кредит мекемелердин, байланыш операторлорунун, ошондой эле мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мурдагы жыйындардын алкагында

Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 11-13-июнда Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга биринчи расмий сапары болот. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына кабарланды. Маалыматка таянсак, сапардын алкагында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин эки жактуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактардагы кызматташтыкты