Өзгөн районунда жер тилкелери менен уюштурулган коррупциялык схема аныкталды

Өзгөн районунда жер тилкелери менен уюштурулган коррупциялык схема аныкталды

УКМК Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жана башка мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдарына жана жооптуу адамдарга карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Такталгандай, өкмөттүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы №542 токтому менен 2020-жылдын 20-августундагы бекитилген башкы пландын негизинде Дөң-Булак айыл аймагынын Өзгөрүш айылында жайгашкан 82 жер тилкеси Өзгөн районунун аймагына өзгөртүлгөн. Бирок, кийинчерээк аталган айыл аймагынын айрым кызмат адамдары, ошондой эле Өзгөн архитектура бөлүмдөрү жана «Кадастр» мамлекеттик мекемеси кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башкы пландарды бурмалап, жер тилкелерин кеңейтип, андан соң тургундарга жеке турак-жай куруу үчүн берилген. Тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын алкагында 31 миллион сом зыян аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2023-жылдын 22-ноябрында төмөндөгүлөр кармалып, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген:

·      Дөң-Булак а/онун мурдагы жетекчиси С.Э.Р.;

·      Өзгөн району боюнча «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Б.А.К.;

·      Өзгөн районунун архитектурасынын мурдагы башчысы А.М.К.

            Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жарандардын менчик жер тилкелери жана кыймылсыз мүлкү бар экени, алардын баасы алардын мамлекеттик кызматтагы иш жүзүндөгү расмий кирешесинен кыйла жогору болгону аныкталды.

            Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Евразия аймагындагы өз ара инвестиция  48,4 млрд долларга жетти

Евразия аймагындагы өз ара инвестиция 48,4 млрд долларга жетти

Евразия аймагында инвестициялык активдүүлүк дүйнө жүзүндөгү түз чет элдик инвестициялардын (ТЧИ) жалпы төмөндөшүнө карабастан өcүп жатканы ЕАӨБдүн "Өз ара инвестицияларды мониторинг кылуу" аттуу отчетунда айтылат. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягында аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы топтолгон ТЧИ көлөмү рекорддук 48,4 млрд долларга жетти. Өсүштүн негизги кыймылдаткычы — жеке бизнес. Негизги

Оштогу "Келечек" базарын ишке киргизүү мартка жылдырылды

Оштогу "Келечек" базарын ишке киргизүү мартка жылдырылды

Ош шаарындагы "Келечек" базарына соодагерлерди көчүрүү 1-мартка жылдырылганын мэр Жеңишбек Токторбаевдин таңкы рейддик кыдыруусу учурунда билдирди. Муниципалитеттен билдиришкендей, базарды көчүрүү кыштын ызгаарында соодагерлерди кыйнабоо максатында жылдырылган. Ошондой эле мэр Ош базары, Жибек-Жолу, Келечек жана таттуулар базарындагы курулуш иштерин жеринен көрүп, кемчиликтерди тез арада чечүү тапшырмасын берди. Мындан тышкары,

Түрк мамлекеттер уюмунун энергетика министрлери  негизги долбоорлорду аташты

Түрк мамлекеттер уюмунун энергетика министрлери негизги долбоорлорду аташты

Стамбулда өткөн жолугушууда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) энергетика министрлери кызматташтыкты кеңейтүү үчүн бир катар маанилүү долбоорлорду белгилешкенин уюмдун басма сөз кызматы маалымдады. Анда негизги долбоорлор катары төмөнкүлөр көрсөтүлдү: * нефть жана газ куурлары (Баку — Тбилиси — Жейхан, Түштүк-Кавказ кууру, TANAP, TAP, Ыгдыр — Нахичеван газ кууру); * Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын “жашыл” энергияны өнүктүрүү

Нарын, Ысык-Көл облустарында саркынды сууларын тазалоо имараттары жаңыртылып жатат

Нарын, Ысык-Көл облустарында саркынды сууларын тазалоо имараттары жаңыртылып жатат

Ведомстволор аралык жумушчу топ Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы муниципалдык тазалоо имараттарынын ишине текшерүү жүргүздү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Нарын шаарындагы 70–80-жылдары курулган муниципалдык тазалоо имараттары авариялык абалда турат. Ошого байланыштуу, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Нарын