«Түндүк» темир жол бажысында жаңы БТЖ ачылды

«Түндүк» темир жол бажысында жаңы БТЖ ачылды

«Түндүк» темир жол бажысы ишмердүүлүгүн жүргүзгөн аймакта товарлардын айрым категорияларын декларациялоо үчүн (транспорт каражаттарын) жаңы бажылык тариздөө жайынын (БТЖ) ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Ал заманбап техникалык жабдуулар менен жабдылган жана бажы мыйзамдарынын бардык талаптарына жооп берет. БТЖнын аймагында ошондой эле административдик имарат, унаа токтотуучу жайлар, бажылык текшерип кароо үчүн бөлүнгөн жайлар, бажыга байланыштуу кызматтарын көрсөтүү үчүн орун жайлар, коммерциялык банктардын филиалдары жана техникалык лаборатория жайгашкан. Бул тышкы соода ишмердигинин катышуучуларына бир жерден, бирдиктүү терезе принцибинде бардык кызматтарды алууга мүмкүндүк берет, бул алардын ишин жүргүзүүнү бир топ жеңилдетет.

БТЖ бажы кызматы тарабынан бажы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун камсыздоо жана соода-транспорт уюмдарынын жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын кызыкчылыктарын эске алуу менен ачылган.

Бажылык тариздөө жайынын ачылышына «Түндүк» темир жол бажысынын жетекчилиги жана жеке курамы, Бажы кызматынын Борбордук аппаратынын кызматкерлери, КР ИИМдин ЖКККББнын «Техникалык багыттагы борбору» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү жана тышкы экономикалык иштин катышуучулары катышты.

Жаңы БТЖы Бишкек шаарынын Ч.Валиханов көчөсү, 1 а/2 дарегинде жайгашкан.

Мындан тышкары окуңуз

Кант кызылчасы Кыргызстанда 85,9% жыйналды

Кант кызылчасы Кыргызстанда 85,9% жыйналды

Кыргызстанда учурда кант кызылчасы 85,9 пайыз жыйналып, 431,7 миң тонна продукция алынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирген.  Анын айтымында, республика боюнча быйыл кант кызылчасы 13 миң 400 гектар жерге

Таласта граниттен курулуш таштары чыгарыла баштады

Таласта граниттен курулуш таштары чыгарыла баштады

Таластын Манас районундагы Арал айылынын Кайыңды карьеринен алынган таштар жергиликтүү ишкер Азат Кушубековдун ишканасында кайра иштетилип, курулуш материалдары чыгарылып жатканын УТРК тартып көрсөттү.  Ишкердин айтымында таштар алгач чоң-чоң көлөмдө ташылып келип, 2-3 сантиметр калыңдыкта тилинет. Андан соң ал күйгүзүлүп, жылмаланып 90Х80 жана 60Х30 өлчөмүндө кесилет.  Ишканасы ээсинин айтымында, кайра иштетилген

Аксыда 275 орундуу жаңы мектеп курула баштады

Аксыда 275 орундуу жаңы мектеп курула баштады

Аксы районуна караштуу Кербен шаарында 275 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министлигинен маалымдашты. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылат. Объекттин баасы 188 миллион сомго бааланды. Жаңы мектеп заманбап үлгүдөгү эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорт залынан турат. Мындан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин кабинети

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө убактылуу суу өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө убактылуу суу өчүрүлөт

Көк-Жар суу алуучу жайында жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу 2025-жылдын 20-ноябрында саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Шаар башкармалыгынан билдиргендей, өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: 7-Апрель – Улан-2