Кыргыз өкмөтү Орусиянын делегациясын кабыл алды

Кыргыз өкмөтү Орусиянын делегациясын кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын өнөр жай жана соода министринин орун басары Алексей Беспрозванных баштаган Орусиядан келген делегация өкүлдөрүн кабыл алды.   

Минкаб билдиргендей, тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда соода жүргүзүү, кайра иштетүүчү өнөр жай тармагы, сейрек кездешүүчү жана маанилүү металлдарды иштетүү, ошондой эле өнөр жай индустриалдык парк куруу боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери тууралуу кенен талкуулашты.    

Белгилей кетсек, жогоруда аталган тармактар боюнча тиешелүү адистерден турган делегациянын курамындагы өкүлдөр буга чейин бул тармактарда иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда эт сатуучу мобилдик дүкөндөр ачылат

Кыргызстанда эт сатуучу мобилдик дүкөндөр ачылат

"Кыргыз Агрохолдинг" ААКы мобилдик эт сатуу пункттары долбоорунун бет ачарын өткөргөнүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Анда калкты сапаттуу эт азыктары менен социалдык баада камсыз кылууга багытталган пилоттук долбоор сунушталды. Анын алкагында заманбап мобилдик соода пункттарын (фудтрактарды) ишке киргизүү пландалып жатат. "

Соцфонддун 2026-жылга бюджети 137 млрд 691,5 млн сом өлчөмүндө бекитилди

Соцфонддун 2026-жылга бюджети 137 млрд 691,5 млн сом өлчөмүндө бекитилди

Жогорку Кеңеш "КРнын Социалдык фондунун 2026-жылга жана 2027–2028-жылдарга пландалган мезгилге бюджети жөнүндө" Мыйзамды кабыл алды. Документке ылайык, 2026-жылга Социалдык фонддун бюджетинин кирешелери 137 млрд 691,5 млн сом өлчөмүндө, ал эми чыгашалары 138 млрд 303,7 млн сом өлчөмүндө бекитилди. Бюджеттин тартыштыгы (дефицит) 388,1 млн сомду

Ош шаарындагы борбордук стадиондун бир бөлүгү мамлекетке кайтарылып берилди

Ош шаарындагы борбордук стадиондун бир бөлүгү мамлекетке кайтарылып берилди

КР УКМК тарабынан мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү учурундагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана алдын алуу боюнча иштердин алкагында — Ош шаарынын борбордук стадионунун аймагында жайгашкан, анын ажырагыс бөлүгү болгон жалпы аянты 2700 м2 курулуштары бар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. «Социалдык инфраструктура объектилерин андан ары пайдаланууну камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» КР

"Бина Групп" компаниясына 200 миң сом айып салынды

"Бина Групп" компаниясына 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаадагы курулуш объектилерин текшерип, Океев көчөсү 9 жана 11 даректеринде жайгашкан беш кабаттуу окуу борборунун курулушунда олуттуу мыйзам бузууларды аныктады. Ведомствонун маалыматына караганда, объектте курулуш нормалары жана техникалык талаптар сакталган эмес. Текшерүүнүн жыйынтыгында подрядчы компания "Бина Группка" карата