Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Кытайга барат

Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Кытайга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 29-февралынан 2-мартына чейин Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жумушчу сапардын алкагында Акылбек Жапаров СУАР партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов баштаган делегациялардын үч тараптуу жолугушуусуна катышат.

Ошондой эле, Кыргызстан, Өзбекстан, СУАР делегация башчылары биргеликте «Эркештам-автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктуна барышы күтүлүүдө. Мындан тышкары Жапаров Кашкар шаарындагы Нарын эркин экономикалык аймагынынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Кашкар эркин экономикалык аймагында жайгашкан бондалык кампасына барат.

Жумушчу сапардын алкагында соода экономикалык байланышты илгерилетүү боюнча эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл Кытай мамлекет башчысы Си Цзиньпин Кыргызстанга иш сапары менен келет

Быйыл Кытай мамлекет башчысы Си Цзиньпин Кыргызстанга иш сапары менен келет

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдыктар башталганын билдирди. Тышкы саясат ведомствосунун башчысы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгилеп, өткөн жыл маанилүү эки тараптуу байланыштарга бай болгонун баса көрсөттү. Тактап айтканда, Президен Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапары болуп,

2025-жылдын ноябрында Кыргызстанга кирген акча которуулар октябрга салыштырмалуу төмөндөгөн

2025-жылдын ноябрында Кыргызстанга кирген акча которуулар октябрга салыштырмалуу төмөндөгөн

КРнын Улуттук банкынын акыркы статистикалык маалыматына таянсак,  2025-жылдын ноябрь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 264,8 млн $ түзгөн. Билдирүүгө караганда, ноябрда агып кирген акча которуулардын жалпы көлөмү  264,8 млн $ түзсө, октябрь айында бул көрсөткүч - 340,5 млн $ болгон. Негизги агым КМШ өлкөлөрүнө туура келип, басымдуу бөлүгүн

А.Касымалиев Бишкектеги инвестициялык долбоорлордун жүрүшү менен таанышты

А.Касымалиев Бишкектеги инвестициялык долбоорлордун жүрүшү менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында ишке ашырылып жаткан ишкерликке багытталган долбоорлордун жана энергетикалык объекттердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Иш сапардын алкагында МинКаб Төрагасы Н.Исанов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан реконструкцияланган заманбап кеңсе борборуна барды. Вьетнамдык “Rox Group” компаниясынын директорлор

Мал чарбачылыгында тоюттандыруунун заманбап ыкмалары жайылтылууда

Мал чарбачылыгында тоюттандыруунун заманбап ыкмалары жайылтылууда

Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунда 2026-жылдын 13-14-январь күндөрү малды тоюттандыруу багыты боюнча адистер үчүн окуу-семинар өткөрүлдү. Иш-чара KOICA эл аралык кызматташтык агенттигинин гранттык долбоорунун алкагында уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Семинардын негизги максаты – мал чарбачылыгында илимий негизделген тоюттандыруу системаларын киргизүү, малдын продуктивдүүлүгүн жогорулатуу жана тоют ресурстарын