Акылбек Жапаров БУУнун Өнүктүрүү Программасынын делегациясы менен жолугушту

Акылбек Жапаров БУУнун Өнүктүрүү Программасынын делегациясы менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Ивана Живкович менен жолугушту.

Акылбек Жапаров Кыргызстандын БУУӨП менен тыгыз өнөктөштүгүн жана уюмдун өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча реформаларды жана программаларды колдоорун белгиледи.

Улуттук артыкчылыктарды жана кызыкчылыктарды эске алуу менен 2030-жылга чейин БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жана 2050-жылга чейин жашыл өнүгүү платформасында көмүртектин нейтралитетине жетишүү милдеттемелери ырасталды.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле президентинин 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык аракеттери боюнча жана Кыргызстандын тышкы карызын жашыл демилгелерге алмаштыруу жөнүндө демилгелерин практикалык ишке ашыруу боюнча БУУӨП менен биргелешкен жана артыкчылыктуу иш-аракеттердин актуалдуулугун баса белгиледи.

Кыргызстанга айыл чарба, гидроэнергетика, кайра жаралуучу энергия, туризм, билим берүү, транспорт жана санариптештирүү тармактарында алдыңкы технологияларды тартууга кызыкдарлык билдирилди.

БУУӨП тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин улуттук жол картасын ишке ашырууга жана климаттык көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кыргызстандын Трасттык фондун түзүүгө активдүү катышууга чакырылды.

БУУӨП Европа жана КМШ боюнча Регионалдык бюросунун директору Ивана Живкович өз кезегинде Кыргызстан тоо-кен тармагынын дүйнөлүк күн тартибинде лидерлигин, бул эл аралык аренадагы позитивдүү мисалдардын бири экенин белгиледи.  

Ал өкмөттүн жакырчылыкты жоюу, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагын колдоо программаларын жогору баалады.  

Ивана Живкович климаттык көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Трасттык фондун түзүү боюнча БУУӨПтүн сунуштары тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө эл аралык мелдеш өтө турган аймактагы курулуш иштери күчөтүлдү

Ысык-Көлдө эл аралык мелдеш өтө турган аймактагы курулуш иштери күчөтүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарында бир катар курулуш объектилериндеги иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нурдан Орунтаев алгач быйыл Ысык-Көлдө өтө турган F1H2O суудагы Формула-1 боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүгө даярдык

Түптө өсүмдүк майын өндүрүүнү кеңейтүүгө колдоо көрсөтүлөт

Түптө өсүмдүк майын өндүрүүнү кеңейтүүгө колдоо көрсөтүлөт

Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев аймактагы кайра иштетүүчү ишканалардын жана айыл чарба кооперативдеринин ишмердүүлүгү менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, Түп районундагы "Эрдик" кооперативине өзгөчө көңүл бурулуп, анда жаңы сафлор жана зыгыр майын

Кыргызстанда 3,5 баллдык жер титирөө катталды

Кыргызстанда 3,5 баллдык жер титирөө катталды

14-июнда таңкы саат 05:11де өлкө аймагында жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Шиленкана айылынан түндүк-чыгышка карай 6 чакырым, Торкент айылынан түндүк-чыгышка карай 19 чакырым жана Токтогул шаарчасынан чыгышты көздөй 36 чакырым аралыкта болгон. Жер титирөөнүн күчү Шиленкана айылында болжол менен 3,5

Электр менен жылытууга жаңы объекттерди кошууга коюлган чектөө узарды

Электр менен жылытууга жаңы объекттерди кошууга коюлган чектөө узарды

Министрлер кабинети Токтогул суу сактагычында суу жетиштүү көлөмдө топтолгонго чейин электр энергиясын көп керектеген жаңы объекттерди тармакка кошууга киргизилген чектөөнү күчүндө калтырды. Бул тууралуу өкмөттүн 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча кабыл алган токтомунда көрсөтүлөт. Токтомдо калкты электр энергиясы, жаратылыш газы жана көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча