Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуев кармалды

Чынгыз Керимбеков
Мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуев кармалды

УКМК тарабынан  КРнын мурдагы  Суу ресурстары, айыл чарба  жана кайра иштетүү өнөр жай министринин коррупциялык жана алдамчылык ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар алынды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3- пункту (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) туралуу каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КРнын мурдагы  Суу ресурстары, айыл чарба  жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эркинбек Чодуев «Лиматекс пахта корпорациясы» ЖЧКсынын аткаруучу директору болуп туруп, компаниянын Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жайгашкан, жалпы аянты 50 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз менчиктештирүү жолу менен жеке тараптарга сатып жибергендиги аныкталган. Келтирилген зыян алдын ала 500 млн. сомго бааланууда. 

Топтолгон далилдердин негизинде мурдагы   министр Ч.Э.У. кармалып,  КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган  коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости