Эмгек министрлигинин Москвадагы Өкүлчүлүгүндө мигранттардын медициналык текшерүүдөн өтүшү талкууланды

Эмгек министрлигинин Москвадагы Өкүлчүлүгүндө мигранттардын медициналык текшерүүдөн өтүшү талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ж.Галиева жана Жогорку Кеңештин депутаты В. Раимбачаева КР жарандарынын РФда жүрүүсүнө, анын ичинде медициналык текшерүүдөн өтүшүнө байланыштуу маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу министрлик билдирди.

В.Раимбачаева медициналык текшерүүдөн өткөндө Россиянын аймагына кире турган КР жарандарынын жугуштуу оорулары аныкталган учурлар бар экенин белгиледи.

Ошондуктан Орусияга кирүүгө ниеттенип жаткан кыргызстандыктар арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантуунун маанилүүлүгүн айтты.

Мындан тышкары окуңуз

УКМК "Кыргыз почтасындагы" бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу аныкталды

УКМК "Кыргыз почтасындагы" бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу аныкталды

УКМК "Кыргыз почтасы" ААКтын контролдук-ревизиялык башкармалыгынын көмөгү менен бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктаганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. "Кыргыз почтасы” ААКтын Сокулук филиалынын мурдагы башкы бухгалтери И.В.Б. 2025-жылдын август айынан 2026-жылдын январь айына чейинки аралыкта кызматтык абалынан пайдаланып, акча каражаттарын мыйзамсыз түрдө өзүнүн жеке

Бишкекте Чоң Чүй каналынын жээги реконструкцияланат

Бишкекте Чоң Чүй каналынын жээги реконструкцияланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жаш Гвардия бульварынан тартып Элебаев көчөсүнө чейинки аймакты көрктөндүрүү иштеринин биринчи этабы менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Биринчи этапта канал жээги камыштардан жана бадалдардан тазаланып, дарактар санитардык бутоодон өтүүдө. Ошондой эле мыйзамсыз курулуштарды демонтаж кылуу иштери жүрүп жатат. Бул иштерге 10дон ашык атайын техника

Кыргызстанда агрохимикаттарды каттоонун электрондук системасы киргизилет

Кыргызстанда агрохимикаттарды каттоонун электрондук системасы киргизилет

Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти пестициддер менен агрохимикаттардын маалымат базасын заманбап электрондук форматка өткөрүүнү баштады. Бул долбоор республикадагы агрардык тармакты башкарууну санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылып жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Учурда адистер Кыргызстан аймагында колдонууга уруксат берилген препараттардын электрондук реестрин түзүп жатышат. Бул система

Караколдо  дарыгерлер менен мугалимдерге 700дөн ашык батир берилет

Караколдо дарыгерлер менен мугалимдерге 700дөн ашык батир берилет

Президенттин жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу программасынын алкагында Каракол шаарында 700дөн ашык батирди ушул жайда дарыгерлер, мугалимдер жана маданият кызматкерлери алышарын шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү тургундарга 300дөн ашык батир берилет, ал эми жай мезгилинде дагы 400 батирди тапшыруу пландалууда. Турак жайларды пайдаланууга берүү