Караколдо дарыгерлер менен мугалимдерге 700дөн ашык батир берилет

Караколдо  дарыгерлер менен мугалимдерге 700дөн ашык батир берилет

Президенттин жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу программасынын алкагында Каракол шаарында 700дөн ашык батирди ушул жайда дарыгерлер, мугалимдер жана маданият кызматкерлери алышарын шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү тургундарга 300дөн ашык батир берилет, ал эми жай мезгилинде дагы 400 батирди тапшыруу пландалууда. Турак жайларды пайдаланууга берүү иштери күзүндө да улантылат.

Белгиленгендей, курулуш иштер графикке ылайык жана сапат стандарттарын сактоо менен жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, 1-апрелден тартып медицина, билим берүү жана маданият тармагындагы кызматкерлердин айлык маяналары жогорулатылары каралган. Бул алардын мотивациясын жогорулатып, социалдык тармакты колдоону күчөтөт.

МИК мэриянын маалыматына тактоо киргизди

Белгилей кетсек, Мамлекеттик ипотекалык компания шаар мэриясы тараткан маалыматты так эмес деп атап, долбоордун этаптары боюнча жаңыланган маалыматтарды берди.

МИКтин маалыматына ылайык, биринчи этаптын алкагында Каракол шаарында өткөн жылы 420 батир берилген. Учурда Хан-Теңири кичи районунда экинчи этапка даярдык жүрүп жатат — быйылкы жай мезгилинде болжол менен 400 батирди өткөрүп берүү пландалууда.

Үчүнчү этаптын алкагында, компаниянын маалыматы боюнча, болжол менен 1 миң батир берүү каралган. Турак жайларды өткөрүп берүү курулуш иштери аяктаган сайын этап-этабы менен жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Банктар капиталды баалоодо климат жана криптоактивдердин тобокелдиктерин да эске алат

Банктар капиталды баалоодо климат жана криптоактивдердин тобокелдиктерин да эске алат

КРнын Улуттук банкы коммерциялык банктардын капиталынын жетиштүүлүгүнө баа берүү боюнча ички жол-жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү өзгөртүү Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 27-декабрындагы токтому менен бекитилген жобого киргизилди. Жаңы талаптарга ылайык, банктар тобокелдиктерди баалоодо күнүмдүк ишинде туш болгон тобокелдиктердин бардык түрүн эске алышы керек. Анын ичинде сандык баа берүү

Ишкер Media
Караколдо туристтик автобус каттамы ишке кирди

Караколдо туристтик автобус каттамы ишке кирди

Каракол шаарында туристтер үчүн атайын автобус каттамы иштей баштады. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, эми алыскы жана жакынкы аймактардан келген саякатчылар шаардын тарыхый, маданий жана туристтик жайлары менен ыңгайлуу шартта тааныша алат. Автобус Караколдогу белгилүү объектилерге, тарыхый комплекстерге, музейлерге жеткирип, алардын тарыхы тууралуу маалымат берет.

Ишкер Media
Эттин баасы: жайыттагы малдын эти бордоп семиртилгенден канчалык айырмаланат

Эттин баасы: жайыттагы малдын эти бордоп семиртилгенден канчалык айырмаланат

Бордоп семиртилген малдын этинин өздүк наркы жайыттагы малга караганда дээрлик 3 эсеге жогору. Кыргызстанда эттин чекене баасына малды багуу технологиясы, тоюттун наркы, салмак кошуу көрсөткүчү, ветеринардык тейлөө, транспорт жана башка чыгымдар түздөн-түз таасир этет. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин эсептөөлөрүнө ылайык, бордоп семиртүү шартында

Ишкер Media
Нарында топурак-агрохимиялык лаборатория ачылды

Нарында топурак-агрохимиялык лаборатория ачылды

Бүгүн Нарын облусунда жаңы топурак-агрохимиялык лаборатория ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Нарыноблусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалым болгондой, ал Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Нарын лабораториясынын алдында ачылды. Ачылышка департаменттин директору Максат Кочеров, президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнүн агрардык бөлүм башчысы Кыялбек Абакиров жана жергиликтүү дыйкандар катышты. Жаңы лаборатория

Ишкер Media