Президент KGST стейблкоинин түзүү жана ишке киргизүү тапшырмасын берди

Президент KGST стейблкоинин түзүү жана ишке киргизүү тапшырмасын берди

Бүгүн Бишкекте Президент Садыр Жапаровдун жана Binance криптовалюталык платформасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун катышуусунда Виртуалдык активдер жана блокчейн-технология тармагын өнүктүрүү улуттук кеңешинин жыйыны  болуп өттү. 

Жыйын аягында өлкө башчысы тиешелүү мамлеккеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди:

  • Экономика жана коммерция министрлигине – виртуалдык активдер жөнүндө мыйзамдык базаны жакшыртуу боюнча ишти улантуу;
  •  Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигине – санариптик жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизүү жана жасалма интеллект тармагында адистерди жана блокчейн-технологияларды даярдоо; 
  • УКМК, ИИМ жана башка профилдик маморгандарга – ведомстволор аралык консультацияларды өткөрүү жана бирдиктүү коопсуздук жана тобокелчиликтерди башкаруу стандарттарын иштеп чыгуу үчүн конкреттүү чечимдерди кабыл алуу;
  • Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологиялар тармагын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин катчылыгына – KGST стейблкоинин киргизүүнү камсыздап эл аралык платмормаларда аны листинг кылуу маселесин иштеп чыгуу; эки айлык мөөнөттө мамлекеттик криптовалюталык резерв түзүү боюнча сунуштарды киргизүү;
  • Улуттук банкка – пилоттук режимде санарип сом платформасын тестирлөөгө киришүү 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып