Жалал-Абадда 945 батирлүү “Асман Резиденс-4” турак жай комплекси ачылды

Жалал-Абадда 945 батирлүү “Асман Резиденс-4” турак жай комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Мамлекеттик ипотекалык компания” тарабынан курулган “Асман Резиденс-4” турак жай комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Тогуз кабаттуу 12 блоктон турган комплекс Сузак районунун Ленин айылында жайгашкан. Анда 945 батир, 172 орундуу жер астындагы, 514 орундуу жер үстүндөгү автоунаа токтотуучу жай, балдар аянтчасы жана воркаут-зона каралган.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жарандарды жеткиликтүү жана ыңгайлуу турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясат ырааттуу ишке ашып жатканын белгиледи.

Президент белгилегендей, быйылкы жылдын 9 айында 3 621 жаран батирге ээ болгон, ал эми 13 миңден ашык үй-бүлө турак жай алган, дагы 69 миңден ашык жаран кезекте турат.

“Мамлекеттик ипотекалык компаниянын” уставдык капиталы 2015-жылы 10 млн сомдон быйыл 87,5 млрд сомго чейин өстү. Компания санариптик платформалар аркылуу арыз кабыл алуу процессин автоматташтырып, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууда.

Иш-чаранын соңунда Президент Садыр Жапаров Манас шаарындагы №1 мектептин мугалими Сейдеке Эргешовага жаңы батирдин ачкычын тапшырды жана комплекстин жашоочуларын жаңы конуштары менен куттуктады.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;