Адылбек Касымалиев: Быйыл өлкө ИДПсы 10%га өсүп, 1,24 трлн сомго жетти

Адылбек Касымалиев: Быйыл өлкө ИДПсы 10%га өсүп, 1,24 трлн сомго жетти

Күн мурун Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Gulf News» эл аралык басылмасына интервью берип, өлкөнүн экономикалык жетишкендиктери жана өнүгүү багыттары тууралуу маалымат берди.

МинКаб башчысы акыркы жылдары туруктуу экономикалык өсүш байкалганын белгилеп, акыркы үч жылда орточо өсүү 9,0%, ал эми 2025-жылдын 9 айындагы ИДПнын өсүшү 10,0% болуп, көлөмү 1 трлн 240,5 млрд сомго жеткенин билдирди.

Анын айтымында, өсүштүн негизги кыймылдаткыч күчү — курулуш, өнөр жай жана тейлөө секторлору, аларды ички суроо-талап, инвестициялар жана ири инфраструктуралык долбоорлор колдоодо.

Касымалиев ошондой эле Кыргызстан инвестициялык климатты жакшыртып, экономикалык институттарды бекемдөө багытында иш алып барып жатканын белгиледи. Өзгөчө көңүл Бириккен Араб Эмираттары менен кызматташууга, анын ичинде «Өкмөттүк акселераторлор» биргелешкен программасына бурулду.

Интервьюнун соңунда ал эл аралык инвесторлорду Кыргызстанды инвестиция үчүн ишенимдүү жана ачык өнөктөш катары кароого чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Бишкекте курулуш реестрине катталбаган бир катар объекттер аныкталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдирди. Алар төмөнкү даректердеги курулуш объектилер: * Жукеев-Пудовкин көчөсү 4;  * Гвардейский көчөсү 13, 13а, 15; * Горький көчөсү 72, 72а, 42; * Б. Юнусалиев көчөсү 10. Аталган объектилер боюнча куруучуларга жазуу түрүндө эскертүү, шаар куруу документтерин даярдоо жана

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Азербайджандан Кыргызсстанга 46 млн сомдон ашык каражатты алдап алган деп айыпталган жаран экстрадицияланганын Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, издөөгө алынган Т.Д. Баку шаарында кармалган. Зарыл болгон бардык процедуралар аяктагандан кийин ал ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилген. Учурда ал кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тергөө абагына камалды. Тергөө маалыматы боюнча, шектүү

Джидда-Ош авикаттамы 4-мартта кайра жанданат

Джидда-Ош авикаттамы 4-мартта кайра жанданат

4-марттан тарта Джидда — Ош багыты боюнча түз авиакаттамдар кайра жанданарын Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов билдирди. Анын айтымында, бул чечим президенттин тапшырмасынын негизинде элчилик тарабынан Flynas авиакомпаниясы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынган. Каттамдар жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Биринчи кезекте мурда билет сатып алып,

Акча алмаштыруу бюролоруна 55 миң айып пул салынды

Акча алмаштыруу бюролоруна 55 миң айып пул салынды

Бишкек шаарында мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын нормативдик актыларын бузган эки алмашуу бюросу жоопкерчиликке тартылды. Ар бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, Улуттук банк лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн К.К.Т.га карата да чара көрүлүп, 17,5 миң сом айып