Акча алмаштыруу бюролоруна 55 миң айып пул салынды

Акча алмаштыруу бюролоруна 55 миң айып пул салынды

Бишкек шаарында мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын нормативдик актыларын бузган эки алмашуу бюросу жоопкерчиликке тартылды. Ар бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, Улуттук банк лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн К.К.Т.га карата да чара көрүлүп, 17,5 миң сом айып пул салынды.

Чара көрүүгө валюталык операцияларды жөнгө салуу эрежелеринин бузулушу негиз болгон. Улуттук банк валюта рыногундагы мыйзамсыз операцияларды токтотуу жана алмашуу пункттарынын ишин көзөмөлдөөнү улантарын билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти