Кыргыз-мисир бизнес-форуму өттү

Кыргыз-мисир бизнес-форуму өттү

КРнын Президентинин Мисирге болгон расмий сапарынын алкагында Мисирдин ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Каир шаарында биринчи жолу кыргыз-мисир бизнес-форуму болуп өттү.

 Премьер-министр Мустафа Мадбули кыргыз делегациясын тосуп алып, Президент Садыр Жапаровдун сапары эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөдө маанилүү баскыч болоруна ишеним билдирип, жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган келишимдер эки өлкөнүн мамилесин жаңы сапаттык деңгээлге чыгарарын баса белгиледи.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Мисир менен ар тараптуу алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастап, Кыргызстандын санариптик финансылык инструменттерди киргизүү жана виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүү боюнча чаралары тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, Садыр Жапаров “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушунун башталышын белгилеп, ал эл аралык каттамдар менен байланышып, Азия, Европа жана Африканын ортосунда жаңы альтернативдүү соода жолдорун түзөрүн айтты.

Мындан тышкары, форумда эки өлкөнүн экономикасынын негизги багыттарын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт жана санарип экономикасы тармактарындагы келечектүү долбоорлорду көрсөткөн видео презентациялар тартууланды.   

Мындан тышкары окуңуз

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамын 20-март, жума күнүнө дал келе тургандыгын маалымдады. Бул чечим Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешмесинде кабыл алынган. Мындан сырткары, 2026-жылдагы Кадыр түн 16-марттан 17-мартка караган түнү белгилене тургандыгын Муфтияттан кабарлашты. Орозо айттын урматына карата кийинки жумада кыргызстандыктар 3 күн дем

Кайсыл өлкөлөрдүн финик, инжир, ананас, авокадо, гуава жана манголорун жеп жатабыз?

Кайсыл өлкөлөрдүн финик, инжир, ананас, авокадо, гуава жана манголорун жеп жатабыз?

2025-жылы Кыргызстанга 19 004,4 тонна жаңы жана кургатылган финик, инжир, ананас, авокадо, гуава жана манго импорттолгонун (ТН ВЭД коду 0804) Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөн. Импорттун жалпы суммасы 11,7 млн долларды түзгөн. Жеткирүүлөрдүн көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 3,8%га көбөйгөн. Эң көп продукция төмөнкү өлкөлөрдөн алып

Өкмөттө айыл чарбасын каттоого даярдык талкууланды

Өкмөттө айыл чарбасын каттоого даярдык талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында өлкөнүн айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өттү. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери катышты. Ал эми Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын башчылары

Жаңы тарифтер электр энергиясынын өздүк наркынын 45%ын гана жабат

Жаңы тарифтер электр энергиясынын өздүк наркынын 45%ын гана жабат

1-майдан тартып тарифтер өзгөргөнүнө карабастан, Кыргызстандагы калк электр энергиясынын чыныгы өздүк наркынын болгону 45%ын гана төлөрүн Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин директору Тимур Орозалиев билдирди. Анын айтымында, 2026-жылы электр энергиясынын бир киловатт-саатынын өздүк наркы 3 сом 3 тыйын болуп эсептелет. "1-майдан тартып тариф 1 сом 64 тыйын болот.