Министрлер Кабинети энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча чараларды киргизүүдө

Министрлер Кабинети энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча чараларды киргизүүдө

КРнын Министрлер Кабинети энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу жана электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды киргизүүдө. Бул чаралардын алкагында административдик мамлекеттик мекемелердин ички жана тышкы жарыктандыруусун жана электр приборлорун саат 18:00дөн 06:00гө чейин максатка ылайыктуу жөнгө салуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Бул чаралар имараттардын технологиялык турмуш-тиричилиги үчүн өтө маанилүү болгон процесстерге таасир этпейт, ошондой эле стратегиялык объектилерге жана күнү-түнү иштеген, коргоону, коопсуздукту, саламаттыкты сактоону, социалдык коргоону жана калктын жашоосун камсыз кылган уюмдарга жайылтылбайт.

Бул чараларды ишке ашыруу энергетикалык натыйжалуулукту кыйла жогорулатып, ай сайын болжол менен 40 миллион киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет деп айтылууда.

Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөрдөн 2 миллиард кубометрге аз. Мындай абал суу жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу башкарууга активдүү мамилени талап кылат.

Министрлер Кабинетинин биринчи кезектеги милдети – Токтогул суу сактагычындагы сууну сарамжалдуу пайдалануу жана энергетикалык жабдууларга жүктөмдү оптималдаштыруу, бул бүткүл энергетикалык системанын ишенимдүү иштеши үчүн өтө маанилүү.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;