Садыр Жапаров C5+1 саммитинде инвестиция, гидроэнергетика жана IT жөнүндө сүйлөдү

Садыр Жапаров C5+1 саммитинде инвестиция, гидроэнергетика жана IT жөнүндө сүйлөдү

Президент Садыр Жапаров кечээ, 6-ноябрда, Вашингтондо Борбордук Азия – АКШ (C5+1) саммитинин башталышы алдында басма сөз жыйынында сүйлөп, Кыргызстанды Америка Кошмо Штаттарынын маанилүү тышкы саясий өнөктөшү катары жогору баалаарын билдирди. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы кыргыз-америка мамилелеринин 4 приоритеттүү багытын белгиледи: экономика жана инвестициялар, туризм; гидроэнергетика; санарип экономика жана IT; коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо. Садыр Жапаров Дональд Трамптын глобалдык туруктуулукту бекемдөөгө жана жаңжалдарды токтотууга кошкон салымын жогору баалады.

Президент өз сөзүндө чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүү жана аймактагы кызматташтыкты күчөтүү боюнча жетишкендиктерине да токтолду. Ал белгилегендей, C5+1 форматы Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын саясий диалогун өнүктүрүүгө жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө маанилүү аянтча болуп саналат.

Дональд Трамп өз кезегинде чөлкөмдүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, экономикалык коопсуздукту чыңдоо жана жеткирүү чынжырын кеңейтүү Борбордук Азия менен АКШнын кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда кинопавильон жана Dolby Atmos студиясы пайда болушу мүмкүн

Кыргызстанда кинопавильон жана Dolby Atmos студиясы пайда болушу мүмкүн

Учурда прокаттык күбөлүктөрдүн дээрлик 70%ын жергиликтүү кинопродюсерлер алып жатышканын журналисттерге маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. Ошондой эле министр Кыргызстанда кинопавильон куруу ниети бар экенин айтып, бул демилгени өлкө жетекчилиги колдогонун белгиледи. Маданият министрлиги Dolby Atmos үн жаздыруу студиясын түзүүнү да пландап жатат. "Баарына

Кыргызстандык балбандар “Yaşar Doḡu”-2026 эл аралык турниринде жеңишке жетишти

Кыргызстандык балбандар “Yaşar Doḡu”-2026 эл аралык турниринде жеңишке жетишти

Түркиянын Анталия шаарында эркин күрөш боюнча эл аралык “Yaşar Doḡu”-2026 турнири жыйынтыкталды. Анын жыйынтыгында кыргызстандык балбандар 7 медаль жеңип алды: 2 алтын, 2 күмүш жана 3 коло. КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, турнирдин жеңүүчүлөрү болуп 65 кг салмак категориясында Билол Шарип

Меркурий, Венера, Марс планеталары 22-январда Күнгө абдан жакындайт

Меркурий, Венера, Марс планеталары 22-январда Күнгө абдан жакындайт

22-январга карата Жерге эң жакын үч планета — Меркурий, Венера жана Марс — Күнгө максималдуу жакындап, асманда геометриялык фигура болуп тизилерин Россия Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясы билдирди. Окумуштуулардын маалыматына ылайык, 22-январда Күн жана үч планета капталы болжол менен 2–3 градуска жеткен дээрлик туура ромб же крест формасын

2025-жылы ветеринардык иш-чаралардын планы 104% аткарылды

2025-жылы ветеринардык иш-чаралардын планы 104% аткарылды

КРдагы ветеринардык эмдөө, диогностикалык изилдөөлөр жана мите курттардан арылуу ишчаралары 2025-жылдагы планы 104% аткарылды. Мындай маалыматты КРнын суу ресурстары, айыл чаба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү жайыт жана тоют кызматынын директорунун орун басары Бакыт Шарапов бүгүн “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди. Адистин айтымында 2025-жылдын жыйынтыгы