“Эң мыкты айыл өкмөтү” сынагында 1-орун ээлери 3 млн сомдон алышты

“Эң мыкты айыл өкмөтү” сынагында 1-орун ээлери 3 млн сомдон алышты

Бүгүн Президенттик Администрацияда "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чарага МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, жеңүүчүлөрдү куттуктады.

Адылбек Касымалиев айыл өкмөттөрүнүн демилгелерин өнүктүрүү жана айылдарды заманбап шарттарга чыгаруу маанилүү экенин белгилеп, шаарлар менен айылдар ортосундагы ажырымды кыскартууга чакырды. Ал ошондой эле билим берүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөр, маданий жана эс алуу борборлорун өнүктүрүү, жолдорду асфальттоо жана ипотекалык турак жайларды куруу аркылуу тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга басым жасады.

Сынак эки категорияда өткөрүлдү: бийик тоолуу жана чек арага жакын райондордогу айыл өкмөттөрү, ошондой эле жалпы айыл өкмөттөрү. Жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:

Бийик тоолуу жана чек арага жакын райондордогу айыл өкмөттөрү:

I орун — Баткен облусу, Баткен району, Суу-Башы айыл аймагы, 3 млн сом;
II орун — Ош облусу, Чоң-Алай району, Кашка-Суу айыл аймагы, 2 млн сом;
III орун — Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Каныш-Кыя айыл аймагы, 1 млн сом.

Жалпы айыл өкмөттөрү:

I орун — Ысык-Көл облусу, Түп району, Ысык-Көл айыл аймагы, 3 млн сом;
II орун — Чүй облусу, Аламүдүн району, Достук айыл аймагы, 2 млн сом;
III орун — Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Сайдыкум айыл аймагы, 1 млн сом.

Конкурстун баалоо критерийлери социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү камтыган. Аларга калкты таза суу менен камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, жашылдандыруу, жакырчылыкты азайтуу, маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруу, ишкердикти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу, инвестицияларды тартуу жана финансылык каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу кирет.

Кыргызстанда мындай конкурстар айыл өкмөттөрүнүн потенциалын ачууга жана айылдарды өнүктүрүүгө чоң демилге болуп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта