БА мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусу жыйынтыкталды

БА мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусу жыйынтыкталды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, Өзбекстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышты.

Иш-чарага Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты сапаттуу өркүндөтүү жалпы негизги милдет болуп саналарын белгиледи.

“Өткөн жылы Кыргызстанга Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген түз инвестициялардын көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу 15%га өсүп, 135 млн АКШ долларын түздү. Жалпысынан акыркы үч жылда Кыргызстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү 28%га көбөйдү. Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында Кыргызстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү 1 млрд 700 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14%га көбөйдү”, - деди Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине токтолуп, аймакта жаңы транспорттук артерия түзүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" стратегиялык маанилүү темир жолунун курулушу жөн гана байланыштырбастан, өлкөлөрүбүзгө Азиянын жана Европанын эң ири базарларына эң кыска жолду ачуу менен логистиканы өзгөртөт.

Мындан сырткары Президент Кыргызстан өз ара пайдалуу, анын ичинде ГЭС курууну камтыган долбоорлорду ишке ашырууга ачык экенин билдирип, Борбор Азиянын жалпы ресурстук потенциалын натыйжалуу пайдаланууну негизги багыт деп эсептей турганын белгиледи.

 Жыйындын жыйынтыгында мамлекет башчылар тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлуп, кабыл алынды:

·       Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү;
·       Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө-мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги боюнча кайрылуусу;
·       Азербайжан Республикасынын Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна толук кандуу катышуусу жөнүндө чечим;
·       Борбор Азиядагы аймактык коопсуздуктун, туруктуулуктун жана туруктуу өнүгүүнүн концепциясы;
·       2026-2028-жылдарга карата Борбор Азиянын коопсуздугуна байланыштуу тобокелдиктердин каталогу жана аларды алдын алуу чаралары.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы