Жеке мектеп ачуу жана айдоочулук күбөлүк алмаштыруу иштери жеңилдейт

Жеке мектеп ачуу жана айдоочулук күбөлүк алмаштыруу иштери жеңилдейт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыктары менен тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Программа быйыл августта башталып, эки негизги багыт боюнча ишке ашты.

Биринчиси – жеке менчик мектептерди лицензиялоо процессин жөнөкөйлөтүү. Бишкек, Ош шаарлары жана аймактардагы калктын тез өсүшү мамлекеттик мектептерди ашыкча жүктөгөнү үчүн жеке сектордун потенциалын колдонууга шарт түзүлдү. Реформага ылайык:
  • Лицензиялоо онлайн жүргүзүлөт;
  • Имаратты кайра профилдөө талабы алынган;
  • Санитардык жана өрт коопсуздугу боюнча корутундулар алуу мөөнөтү 30 күндөн шаарда 3 күнгө, аймакта 7 күнгө кыскартылды;
  • Ашыкча текшерүүлөр алынып салынды;
  • Арыз берүү жана лицензия берүү процесси толугу менен автоматташтырылды.

Натыйжада лицензиялоо мөөнөтү 3–4 айдан 20 күнгө кыскарды.

Экинчи чакырык улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процессин жөнөкөйлөтүүгө багытталды. Эми жарандар:
  • Онлайн арыз берип, QR-код жана банктык тиркемелер аркылуу кызмат акысын төлөй алат;
  • Арыз берүү убактысы 1,5 сааттан 10 мүнөткө кыскарды;
  • Даяр документти 1–2 күндө «Кыргыз почтасы» аркылуу үйгө алууга болот.

Адылбек Касымалиев реформалар мамлекеттик органдардын координацияланган ишинин натыйжасында ишке ашканын белгиледи жана катышкан бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта