МинКаб башчысы "Торугарт-1дин" көмүрүн экспортко чыгарууну тапшырды

МинКаб башчысы "Торугарт-1дин" көмүрүн экспортко чыгарууну тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пунктунун жана “Торугарт-1” көмүр тилкесинин иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма өз кызматынан билдиришти.

Иш сапар алгач “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пунктундагы жаңы оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилген жөө жүргүнчүлөрдү тейлөө пунктун көрүүдөн башталды. Андан соң Касымалиев “Чатыр-Көл” чек ара бөлүмчөсүнө барып, аскер кызматкерлеринин жашоо-шартын жана кызмат өтөө жагдайын текшерди.

Сапардын жүрүшүндө МинКаб башчысы ушул жылдын 12-ноябрында ачылып иштеп жаткан “Торугарт-1” көмүр кенине да барды. Маалыматка ылайык, “Кыргызкөмүр” ААКсы аталган тилкени чалгындоо үчүн 557,6 гектар жерге лицензияга ээ болгон. Учурда анын 25 гектарында көмүр кени бар экени аныкталып, болжолдуу запасы 423,4 миң тонна деп бааланууда.

Бүгүнкү күндө аталган тилкеден 10 миң тоннага жакын көмүр өндүрүлгөн.

Адылбек Касымалиев көмүр тилкесиндеги иштерди тездетүүнү жана “Торугарт-1” көмүрүн кыска убакытта экспортко чыгаруу боюнча тапшырма берди.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;