РФ президенти Владимир Путин менен ири делегация келди

РФ президенти Владимир Путин менен ири делегация келди

25-27-ноябрда Бишкек шаарында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик иш сапары болуп жатат. Иш-чаранын кеңири программасынан сырткары Россия лидери менен келген делегациянын масштабы чоң экени белгилүү болду.

Россия тараптан келген делегациянын курамында өкмөттүн, мамлекеттик ведомстволордун, мамлекеттик корпорациялардын жана бизнес өкүлдөрү бар. Бизнес секторунан Роман Абрамович, Петр Фрадков (Өнөр жай байланыш банкы), Михаил Волков (Россия почтасы) катышууда.

Жогорку мамлекеттик кызматтагы катышуучулардын арасында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук жана жети федералдык министр бар. Алар: Владимир Колокольцев (ИИМ), Михаил Дегтярев (Спорт министри), Михаил Мурашко (Саламаттык сактоо министри), Андрей Никитин (Өнөр жай жана соода министри), Максим Решетников (Экономикалык өнүгүү министри), Валерий Фальков (Илим жана жогорку билим министри), Сергей Цивилев (Энергетика министри).

Ошондой эле делегация курамында ведомстволордун жана уюмдардын жетекчилери бар. Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун жана адам бакубаттуулугун коргоону көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын жетекчиси Анна Попова, Россия Борбордук банкынын жетекчиси Эльвира Набиуллина, Агартуу министринин орун басары жана статс-катчы Андрей Корнеев жана Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматынан, Алексей Лихачев башында турган Росатом өкүлдөрү, өнөр жай жана энергетикалык блоктордун өкүлдөрү да бар.

Ал эми Россия президентинин администрациясынан Юрий Ушаков, Дмитрий Песков жана Максим Орешкин катышууда.

Иш сапардын алкагында тараптар эки өлкөнүн мамилелерин чыңдоого багытталган бир катар жолугушууларды өткөрүүнү пландаштырууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га көп.  Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3%га азайып, ал эми импорттук товардын келүүлөрү тескерисинче 6,1%га көбөйгөн. Ошондой эле бул аралыкта

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз