Садыр Жапаров менен Владимир Путин бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту

Садыр Жапаров менен Владимир Путин бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында билим берүү, саламаттык сактоо, миграция, коопсуздук, экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташтык багыттарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Россиянын Президенти Владимир Путин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин тереңдетүү тууралуу Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Кол коюлган негизги документтердин арасында:

  • Экономикалык кызматташтык: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министрлигинин стратегиялык пландоо жаатындагы меморандуму;
  • Ички иштер жана миграция: Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук статусу боюнча макулдашуу;
  • Билим берүү: Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруу боюнча макулдашуу;
  • Саламаттык сактоо: Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жана кардиология жаатындагы өз ара түшүнүшүү меморандумдары;
  • Аскердик-техникалык кызматташтык: 2017-жылдагы келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протокол;
  • Почта кызматтары: “Кыргыз почтасы” менен “Россия почтасы” ортосундагы макулдашуу.

Бул документтер эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып