Аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планы кабыл алынды

Аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планы кабыл алынды

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйыны өттү.

Жыйында аймактык коопсуздукту чыңдоо, жамааттык коргонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, тышкы саясий аракеттерди координациялоо жана азыркы коопсуздук чакырыктарына каршы туруу маселелери талкууланды. 

Ошондой эле тараптар уюмга мүчө мамлекеттердин коргонуу жана коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташуусунун стратегиялык багыттары, трансулуттук коркунучтарга, анын ичинде терроризмге жана кибер коркунучтарга каршы туруу чаралары боюнча пикир алмашышкан.

Жыйындын жыйынтыктоодо баңгизатка каршы стратегия жана жакынкы беш жылга аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планы кабыл алынды. Ошондой эле ЖККУнун КМШ жана ШКУ сыяктуу башка эл аралык уюмдар менен өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө көңүл бурулду.

 



Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандык экспорттоочуларга 1,7 млрд сомдон ашык кепилдик берилди

Кыргызстандык экспорттоочуларга 1,7 млрд сомдон ашык кепилдик берилди

"Кепилдик фонд" ААКсы экспорт жана импортту алмаштыруу багытында иштеген ишкерлерди системалуу түрдө колдоп, алардын жаңы рынокторго чыгышына жана өндүрүштүн өсүүсүнө шарт түзүүдө. Маалыматка ылайык, түзүлгөн күндөн тартып экспортко багытталган компаниялар 1,74 млрд сомдон ашык кепилдик алган. Бул колдоо ишкерлерге жалпы 5,89 млрд сом өлчөмүндө кредиттик каражат

ЖККУ саммитинин жыйынтыгында 15 документке кол коюлду

ЖККУ саммитинин жыйынтыгында 15 документке кол коюлду

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин бүгүн Бишкек шаарында өткөн кезектеги жыйынынын жыйынтыгы менен уюмга мүчө-мамлекеттердин – Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту: * Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы; * "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук стратегиясы жөнүндө" ЖККУ

Россия ЖККУ өлкөлөрүнүн аналитикалык борборлор ассоциациясын түзүүнү сунуштады

Россия ЖККУ өлкөлөрүнүн аналитикалык борборлор ассоциациясын түзүүнү сунуштады

Бишкектеги ЖККУ саммитин жыйынтыктап жатып Россия президенти Владимир Путин уюмдун жамааттык күчтөрүн  масштабдуу заманбап россиялык куралдар жана техникалар менен камсыздоо программасын ишке киргизүү сунушун киргизди.  Россия лидери, сөз ЖККУ күчтөрүнө “реалдуу аскердик аракеттерде эффективдүүлүгүн далилдей турган” куралдардын үлгүсү жөнүндө сөз болуп жатканын баса белгиледи. Буга улай ал Москванын уюмга катышуучу

Тоң районунда УКМКнын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Тоң районунда УКМКнын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Бүгүн УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Тоң райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти. Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Бакытбек Жетигенов, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилиги, ардагерлер жана кызматкерлер катышты. Жаңы имарат толугу менен заманбап техникалар менен жабдылып, аскер кызматкерлеринин жемиштүү