ТИМ Япониянын жаңы элчиси Рюити Хиранону кабыл алды
Күн мурун КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Кыргызстандагы Япониянын жаңы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рюити Хирано менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, "Борбор Азия + Япония" Диалогу алкагындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү багыттары сөз болду.
Тараптар мындан аркы кызматташууну чыңдоого жана эки өлкө ортосундагы байланыштарды активдештирүүгө даярдыгын билдиришти.