Кыргыз делегациясы Казакстанда социалдык реформалар боюнча тажрыйба алышты
Күн мурун Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов баштаган Кыргызстандын делегациясы социалдык реформаларды өнүктүрүү тажрыйбасын изилдөө максатында Казакстандын Алматы шаарына жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы мектептерди модернизациялоо тажрыйбасы, Улуттук жугуштуу оорулар илимий борборунун ишмердүүлүгү, комьюнити-борборлордун иши жана чет элдик университеттердин филиалдарынын модели менен таанышты. Ошондой эле социалдык коргоо жана иш менен камсыз кылуу системасын санариптештирүү тажрыйбасын карашты.



Казакстандын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушууларда Эдиль Байсалов тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз тарап адаптация кыла турган чечимдерди көрүүгө мүмкүнчүлүк алганын билдирди.
Иш сапардын жыйынтыгында тараптар адистерди алмашуу, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана заманбап башкаруу жана инфраструктуралык чечимдерди киргизүү боюнча мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.


