БШК 39 талапкерге эскертүү берилип, 7500 сом айып пул салынганын билдирди

БШК 39 талапкерге эскертүү берилип, 7500 сом айып пул салынганын билдирди

Боршайком шайлоого байланышкан жалпы 189 кайрылууну карап, 700 миң сомдон ашык суммада айып пул салынганын БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов брифингде билдирди.

Анын айтымында, БШКда 124 учур жумушчу топтун эксперттери тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында, 65 учур шайлоо процессинин катышуучуларынын кайрылууларынын негизинде отурумдар болгон.

“39 талапкерге чара көрүлүп, 4 эскертүү берилди жана 7500 сом өлчөмүндө айып пулдар салынды. Шайлоо процессинин башка субъекттери болгон талапкерлердин өкүлдөрү, үгүтчүлөрү тарабынан 27 мыйзам бузуу фактылары аныкталып, аларга дагы чаралар көрүлдү. Мындан тышкары, 7 юридикалык тараптарга дагы айып пул салынды. Булардын арасында ЖМКлар, жарнамалык агенттиктер бар. Жалпысынан кечээги күнгө чейин 700 миң сомдон ашык айып пул салынды”, - деди ал.

Ошондой эле Абдыжапар Бекматов жумушчу топ бүгүн да ишин улантып жатканын билдирди.

“Жымжырттык күндүн эрежелерине, добуштарды сатып алууга байланышкан башка кайрылуулар жана арыздар бүгүнкү күнгө чейин келип түшүп жатат”, - деп белгиледи ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Сагынбаев Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар эмгек миграциясы жана социалдык маселелер боюнча кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде калкты жумуш менен камсыз кылуу, социалдык коргоо

Дыйкандарга арпа, буудай жана кант кызылчасын көбүрөөк эгүү сунушталды

Дыйкандарга арпа, буудай жана кант кызылчасын көбүрөөк эгүү сунушталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идирисов дыйкандарга арпа, буудай, картошка, пияз жана кант кызылчасы сыяктуу социалдык маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Анын айтымында, дан эгиндери жана кант кызылчасы өлкөнүн

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Депутат Гуля Кожокулова парламент жыйынында насыя боюнча күрөөнүн суммасын атайылап төмөн баалоону банктардын тузагы деп атады. Анын айтымында, күрөө мүлкү рыноктогу чыныгы баасына ылайык бааланбайт. "Жарандар катуу шарттарга туш болуп, насыяларын белгиленген мөөнөттө төлөй албай калышат. Канча тагдыр талкаланды, канча адам өз жанын кыйды! Коммерциялык банктардын жоопкерчилигин да караш

Бажылык тариздөө мыйзамдарын бузган эки компания мамлекетке 5,7 млн сом төктү

Бажылык тариздөө мыйзамдарын бузган эки компания мамлекетке 5,7 млн сом төктү

Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы товарларды бажылык тариздөөсүз мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктады. Нарын шаарында убактылуу сактоого коюлган 18 тонналык майдалагыч жабдуу тиешелүү төлөмдөрү төлөнө электе эле ишкана тарабынан орнотулуп, пайдаланылып жаткандыгы белгилүү болгон. Ошондой эле "Ч.Ю." жана "Д.Д." компаниялары жооптуу сактоодо