С.Жапаров: Шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол берилбейт

С.Жапаров: Шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол берилбейт

КРнын Президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо жубайы Айгүл Жапарова менен бирге добуш берди.

Добуш берүү процедурасы аяктагандан кийин Президент ЖМК үчүн билдирүү жасап, анда шайлоодогу добуш берүү процесси толугу менен автоматташтырылганын баса белгиледи. Башкача айтканда, мурдагыдай болуп, шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого алып келиши мүмкүн болгон адам факторунун кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

 “Эсиңиздерде болсо, мурда бюллетендерди таштоолор жана шайлоо процессине башка кийлигишүүлөр болгон. Азыр андай жок жана болбойт. Мындан тышкары, шайлоочулар эгерде мүмкүнчүлүгү жок болсо, мисалы, Алайга, Ала-Букага, Чаткалга же Ат-Башыга барбай эле, эң жакын шайлоо участогунда добуш бере алышат”, - деди Садыр Жапаров.

 Мамлекет башчысы кыргызстандыктарга кайрылып, кийинки шайлоолордо да заманбап технологиялар колдонулаарын, алар мындан ары да жакшыртыла берерин белгиледи.

 "Азыр “Түндүк” тиркемесиндеги санариптик паспорт менен да добуш берүүгө болот. Процедура толугу менен автоматташтырылган, мен азыр 5 мүнөттүн ичинде биометрикалык каттоодон өтүп, добуш бердим. Шайлоо процессине эч кандай кийлигишүү болушу мүмкүн эмес. Шайлоочуларды сатып алуу маселеси гана калууда. Бирок, тиешелүү органдар мындай аракеттерге ыкчам жооп кайтарышат”, - деди мамлекет башчы.

 Ал ошондой эле чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелерине көңүл бурду. Кыргызстандын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн өлкө тышында 100гө жакын, анын ичинде АКШ, Россияда, Казакстанда, Европа өлкөлөрүндө участоктор ачылган.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып