Садыр Жапаров Исламабаддагы Аэрокосмостук улуттук паркта болду

Садыр Жапаров Исламабаддагы Аэрокосмостук улуттук паркта болду

Президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Исламабад шаарындагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар улуттук паркында (NASTP) аскердик көргөзмө менен таанышты.

NASTP авиация, космос, IT жана киберкоопсуздук тармактарында изилдөөлөрдү, долбоорлоону жана инновацияларды өнүктүрүү үчүн мамлекеттик структураларды, илимий мекемелерди жана өнөр жайды бириктирген заманбап платформа болуп саналат.

Садыр Жапаров NASTP Alpha экспозицияларын көрүп чыкты, анда авиациялык техника, радиолокациялык жана коммуникациялык системалар, симуляторлор, программалык камсыздоо, жасалма интеллект, кибертехнологиялар жаатындагы иштеп чыгуулар жана космос индустриясынын продукциялары көрсөтүлгөн.

 Президент ошондой эле Кытай менен Пакистан биргеликте иштеп чыккан JF-17 Thunder көп максаттуу кыйраткыч учактары менен кеңири таанышты.

Мамлекет башчысына учактын негизги согуштук мүмкүнчүлүктөрү жана техникалык мүнөздөмөлөрү, анын ичинде маневр жасоо жөндөмдүүлүгү, багыттоо жана курал-жарак системалары көрсөтүлдү. Садыр Жапаров учкучтун кабинасына кирип көрдү, адистер ага борттогу жабдуулар жана кыйраткыч учактын техникалык-эксплуатациялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришти.

Мындан тышкары, Президентке PAC MFI-17 Mushshak жеңил окуу-машыгуучу учагы, ошондой эле авиация адистерин окутууда маанилүү роль ойногон аба ырайынын ар кандай шарттарында жана кырдаалдарда учкучтук көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген тик учактын окуу симулятору көрсөтүлдү.

  Президент Садыр Жапаров сунушталган иштеп чыгуулардын жогорку деңгээлин белгилеп, инновациялар жана жогорку технологиялар жаатында кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.   

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып