Сузакта жылына 10 млн м² гипсокартон өндүрө турган завод ишке кирди

Сузакта жылына 10 млн м² гипсокартон өндүрө турган завод ишке кирди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Сузак районунун Достук айылында гипсокартон чыгаруучу заводдун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

МинКаб Төрагасы индустриялаштыруу өлкөнүн стратегиялык артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин, республика боюнча жылына 100дөн ашуун ишкана ишке киргизилип жатканын белгиледи.

“Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 595 млрд сомдон ашып, өсүү 9,8%ды көрсөтүп, курулуш материалдарынын үлүшү 8,4% түздү. Өнөр жай сектору туруктуу оң динамиканы көрсөтүүдө, бул жалпы макроэкономикалык көрсөткүчтөргө таасирин тийгизүүдө. Алдын ала баалоо боюнча, ички дүң продукциянын көлөмү 1,4 триллион сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,0 %га көбөйдү. Республикада курулуш секторунун динамикалуу өнүгүшү курулуш материалдарына болгон суроо-талаптын жогорулашын шарттайт жана бул тармактын андан ары туруктуу өсүшү үчүн өндүрүштү көбөйтүү зарылчылыгы келип чыгууда. Мындай шартта жаңы ишкананын ачылышы стратегиялык мааниге ээ болууда”, - деген МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, бүгүнкү күндө гипс продукциясын импорттоодон көз карандылык жогору бойдон калып жатканын, анын импортунун көлөмү 2025-жылдын 9 айында 8,5 млн чарчы метрди түзгөнүн кошумчалады. 

Адылбек Касымалиевдин айтымында, ишкананын ишке кириши импорттук көз карандылыкты кыйла азайтууга, курулуш тармагын сапаттуу ата мекендик материалдар менен камсыз кылууга жана аймакта кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миллион чарчы метрге чейин гипсокартон барактарын жана 60 миң тоннага чейин гипс порошогун чыгарууга мүмкүндүк берет. Ишканада 80 жумушчу оруну түзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга 11,7 млн доллар инвестицияланган.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Быйыл январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 264,1 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 108,8 % болду. Айыл чарба тармагында эки ай ичинде 29,8 млрд сомдук

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

Бишкектеги "Дордой" базарынын ички инфраструктурасын жакшыртуунун алкагында Ибраимов жана Элебесов көчөлөрүн туташтыруучу жаңы жолду, ошондой эле борбордук өтмөккө чейинки кошумча жолду салуу пландалып жатканын калаа мэри Айбек Жунушалиевдин "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Тараптар базардын ички инфраструктурасын өнүктүрүү жана көрктөндүрүү маселелерин

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети кайырчылыкка каршы мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, Укук бузуулар кодексине кайырчылыкка байланыштуу жаңы нормаларды киргизүү сунушталууда. Ага ылайык: * жолдун жүрүүчү бөлүгүндө кайыр сурагандыгы үчүн, * же коомдук жайларда адамдарга жабышып, акча же жардам сурагандыгы үчүн жаза

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында оптимизациялоо иштеринин алкагында, 2026-жылдын 18-мартынан тартып №195 каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Буга ылайык, аталган каттам мындан ары Бөкөнбаев көчөсү аркылуу эмес, Логвиненко көчөсү аркылуу өтөт. Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, сапарларыңызды алдын ала пландап алууну өтүнөбүз. Ошондой эле коомдук транспортту