Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети кайырчылыкка каршы мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, Укук бузуулар кодексине кайырчылыкка байланыштуу жаңы нормаларды киргизүү сунушталууда.

Ага ылайык:

  • жолдун жүрүүчү бөлүгүндө кайыр сурагандыгы үчүн,
  • же коомдук жайларда адамдарга жабышып, акча же жардам сурагандыгы үчүн жаза катары 20–30 саат коомдук иштерге тартуу же 3 суткага чейин камакка алуу каралат.

Эгерде адам бир ай ичинде кайрадан ушундай мыйзам бузууга жол берсе, жаза күчөтүлөт:

  • 30–40 саат коомдук иштер,
  • же 3төн 5 суткага чейин камакка алуу.

Чет өлкөлүк жарандар үчүн кайталап мыйзам бузган учурда өлкөдөн чыгаруу (депортация) каралган.

Мындан тышкары, калктын аяр катмарын — кары-картаңдарды, психикалык оорулары бар адамдарды, кош бойлуу аялдарды жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кайырчылыкка тартуу үчүн өзүнчө жоопкерчилик киргизүү сунушталууда. Бул үчүн 20 миң сом айып пул каралган.

Эгерде мындай мыйзам бузуу чет өлкөлүк жаран тарабынан кайталанса, ал дагы өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

8-октябрда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу агенттиктен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, жолугушууда Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү жана Дүйнөлүк банктын колдоо механизмдери талкууланды. Тараптар Агенттиктин учурдагы иштери жана "Сужан" долбоорунун абалы боюнча

Ишкер Media
Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Жыйында энергетикалык абал, жылуулук менен камсыздоочу ишканаларды жана бюджеттик мекемелерди кышка даярдоо, отун менен камсыздоо жана калкты көмүр менен камсыздоо маселелери каралды. Маалыматка ылайык, 2026-жылы республика боюнча

Ишкер Media
Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Кечээ Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Файдын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын модернизациялоо жана коомдук транспорттун заманбап түрлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды. Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Франциянын делегациясынын өкүлдөрү жана

Ишкер Media
Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Экономика жана коммерция министрлиги акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды, ошондой эле жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарды камтыган бирдиктүү реестрди бекитүүнү коомдук талкууга сунуштады.  Документ мамлекеттик кызматтар тууралуу маалыматтарды системалаштырууга, аларды көрсөтүү шарттарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана реестрди үзгүлтүксүз жаңыртып турууга багытталган. Маалыматка ылайык, реестрге кызматтын аталышы, аны көрсөтүүгө жооптуу

Ишкер Media