"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын" брендин Кыргызстан өзүнө таандык кылып бекитти

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын" брендин Кыргызстан өзүнө таандык кылып бекитти

КРнын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” товардык белгисине өзгөчө укуктарды мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү аземине катышып,  көчмөндөр оюндарынын негизги ролун белгиледи.

"Бүгүн биз абдан маанилүү окуяга күбө болуудабыз. Акыркы он жылдыкта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары этникалык маданиятты, көчмөндөр цивилизациясынын баалуулуктарын жана салттуу спортту жайылтуу боюнча эң ири глобалдык аянтчалардын бирине айланды. Бул долбоор бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн чыныгы улуттук бренд, мамлекетибиздин маданий дипломатиясынын флагманы жана эл аралык беделибиздин маанилүү символу”, - деп билдирди.

 Касымалиев оюндар Кыргызстанда 2014, 2016 жана 2018-жылдары ийгиликтүү өтүп, дүйнөлүк коомчулуктун зор кызыгуусун жаратканын эске салды. Андан кийин Түркия (2022) жана Казакстан (2024) эстафетаны колго алып, эл аралык аренада да жогорку баага татыды. Анын айтымында 2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайрадан Кыргызстанда өтөт жана Кыргызстан дүйнөнүн булуң-бурчунан келген конокторду тосуп алууга кызуу даярдык көрүлүүдө.

 Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын пайдубалын түптөп, анын бренд катары өнүгүшүнө зор салым кошкон Асхат Акибаевдин жетишкендиктерин өзгөчө белгиледи.

 "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын туруктуу өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөн гана спорттук мелдеш эмес. Бул тынчтыктын, биримдиктин, элдердин достугунун аянтчасы, адамзаттын тарыхый тамырын сыйлаган, көп улуттарды бириктирген цивилизациялар ортосундагы көпүрө", - деп белгилеген Адылбек Касымалиев.

Анын айтымында бренддин мамлекетке өтүшү Кыргызстандын дүйнөлүк маданият жана спорт саясатында позициясын мындан ары да бекемдей турган чечим болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып