Садыр Жапаров Япониянын Кыргызстандагы Элчисин кабыл алды

Садыр Жапаров Япониянын Кыргызстандагы Элчисин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-декабрда, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рюити Хиранону ишеним грамоталарын тапшыруусуна байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы Элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, Япония Кыргызстан үчүн жакын дос жана маанилүү өнөктөш экенин белгиледи. Ал эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер жыл сайын бекемделип жатканын баса белгиледи.

Садыр Жапаров кыргыз-япон кызматташтыгы натыйжалуу форматта өнүгүп, узак мөөнөттүү демилгелер ишке ашырылып жатканын айтты. Ошондой эле Элчинин ишмердүүлүгү эки тараптуу алакаларды тереңдетүүгө жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Өз кезегинде Элчи Рюити Хирано жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Япония Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ал Президентке Япониянын Императору Нарухитонун жана Премьер-министринин атынан салам жолдоп, Кыргызстандын Президентин Японияга сапар менен кабыл алууга даяр экендиктерин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып