“Тамчы” финансылык инвестициялык аймагын ишке ашыруу талкууланды

“Тамчы” финансылык инвестициялык аймагын ишке ашыруу талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө” мыйзамдын ишке ашырылышы боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган мыйзам Ысык-Көл облусунда өзгөчө укуктук режимге ээ атайын инвестициялык аймакты түзүү жана англис укугун колдонуу менен талаш-тартыштарды жөнгө салуучу көз карандысыз эл аралык борборду түзүү максатында кабыл алынган. Мыйзамды ишке ашыруу үчүн Жол картасы бекитилип, тиешелүү мыйзам алдындагы актылар иштелип чыгууда.

Жыйындын жүрүшүндө мыйзамды ишке ашырууну ыкчамдатуу, жаралган маселелерди аныктоо жана аларды биргелешип чечүү жолдору талкууланып, жыйынтыгында протоколдук тапшырмалар берилди.

Ошондой эле Юстиция министри Аяз Баетов жана англис укугу боюнча консультанттар тарабынан эл аралык талаш-тартыштарды жөнгө салуучу борборду түзүү боюнча презентация сунушталды.

Белгиленгендей, “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагын түзүүнүн негизги максаты – Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу борбордук стадиондун курулуш иштерине текшерүү жүргүзүлдү

Оштогу борбордук стадиондун курулуш иштерине текшерүү жүргүзүлдү

Ош шаарындагы А. Суюмбаев атындагы борбордук стадиондун курулуш иштери боюнча видео кайрылуу түшкөн. Анын негизинде 6-февралда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы объектте текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Текшерүү учурунда трибуналардагы негизги темир-бетон конструкцияларында конструктивдик бузулуулар жана кооптуу

Кыргызстан виртуалдык активдер боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда

Кыргызстан виртуалдык активдер боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда

Кыргызстан 2024-жылы виртуалдык активдердин жүгүртүүсү боюнча Казакстандан 8,5 эсе, ал эми Өзбекстандан 19 эсе алдыга чыкты. Бул тууралуу Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (ВАРКА) билдирди. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 9 айлык отчетунда Кыргызстандын виртуалдык активдер боюнча жылдык жүгүртүүсү 1,78 трлн сомду (20

ӨКМ: жоокерлердин коопсуздугун 112 видеокөзөмөл камсыз кылат

ӨКМ: жоокерлердин коопсуздугун 112 видеокөзөмөл камсыз кылат

Күн мурун өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбор барып, өздүк курамдын даярдыгы, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр алгач аскердик кызматын өтөп жаткан жоокерлерден кабар алып, жатаканасынан, машыккан жайларына чейин көрүп чыкты. Ошондой эле мөөнөттөгү жоокерлерге кысым көрсөтүүнү болтурбоо үчүн жатканаларга, машыккан жайларга коюлган

Оштогу мурдагы “Турбаза” муниципалдык баланска кайтарылат

Оштогу мурдагы “Турбаза” муниципалдык баланска кайтарылат

Ош шаарынын Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан мурдагы “Турбаза” объектисин мэриянын балансына кайтаруу иштери башталат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруу учурунда билдирди. Шаар башчысы имараттын учурдагы абалы канааттандырарлык эмес экенин белгилеп, объектти шаардык баланска өткөрүү жана толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү