Кыргызстанда бирдиктүү мамлекеттик egov.kg порталы ишке кирди

Кыргызстанда бирдиктүү мамлекеттик egov.kg порталы ишке кирди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде бирдиктүү мамлекеттик egov.kg порталынын расмий тааныштырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Порталды ачуу учурунда Касымалиев мамлекет менен жарандардын ачык жана айкын өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле калкты өз убагында жана ишенимдүү маалымат менен камсыздоо маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

"Мамлекеттик органдар ачык-айкын иштеши керек. Биз калкка актуалдуу жана текшерилген маалыматты жеткирүүгө милдеттүүбүз. Социалдык тармактар жана ЖМКлар маанилүү, бирок маалыматты бурмалоо көп кездешет. Бул шартта калк менен өз ара аракеттенүүнүн негизги куралы — мамлекеттик органдардын расмий веб-сайттары болушу керек", — деди Касымалиев.

Ал мурдагы мамлекеттик веб-ресурстар витрина функциясын толук аткара албай келгенин белгилеп, бул кемчиликти жоюу үчүн масштабдуу аналитикалык иштер жүргүзүлгөнүн айтты. Натыйжада бирдиктүү мамлекеттик egov.kg порталын түзүү концепциясы иштелип чыгып, жактырылган.

Бирдиктүү портал ишке кирип, колдонуучулар үчүн жеткиликтүү экени баса белгиленди. Азыркы учурда министрликтердин жана ведомстволордун сайттарын жаңы бирдиктүү платформага этап-этабы менен өткөрүү боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Келечекте порталга бардык мамлекеттик органдар кошулат.

Порталда министрликтердин расмий маалыматтары, негизги документтери жана байланыш баракчалары камтылган. Ыңгайлуу интерфейс жана издөө мүмкүнчүлүктөрү жарандарга керектүү мамлекеттик кызматтарды, актуалдуу маалыматтарды жана тиешелүү органдардын байланыштарын тез табууга шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып